«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Нике ар бир мусулмандын жашоосунда маанилүү орунга ээ. Биз буюрса Мухаммад пайгамбарыбыздын (Ага Алланын саламы жана салаваты болсун) нике туурасында айткан куттуу хадистерине токтолобуз. Канчалык биз Пайгамбарыбыздын айткан насааттарын аткарганга аракет кылсак, ошончолук жашообуз жакшы жана берекелүү болот.
Үйлөнүүгө үндөө
Биринчи хадис
قَالَ لَنا النبيُّ ﷺﷺ:عَنْ عَبْدِاللَّهِ بْنِ مَسْعُودٍ :
يَا مَعْشَرَ الشَّبَابِ، مَنِ اسْتَطَاعَ مِنْكُمُ الْبَاءَةَ فَلْيَتَزَوَّجْ، فَإِنَّهُ أَغَضُّ لِلْبَصَرِ، وَأَحْصَنُ لِلْفَرْجِ، وَمَنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَعَلَيْهِ بِالصَّوْمِ؛ فَإِنَّهُ لَهُ وِجَاءٌ
Абдулла бин Масуддан риваят, Алланын элчиси ага Алланын саламы жана салаваты болсун бизге “Оо жигиттер! Кимдин үйлөнүүгө күчү жетсе үйлөнсүн! Себеби үйлөнүү көздөрдүн төмөн кароосуна жана жыныстык мүчөнү (зынадан) сактайт. Кимдин үйлөнүүгө күчү жетпесе ал орозо кармасын! Себеби орозо ал адам үчүн коргоо болот”,- деп айткан. (Бухари,4779 Муслим1400).
Түшүндүрмө:
Хадисте мусулмандар үчүн үйлөнүүнүн маанилүү экендиги айтылып жатат. Алланын элчиси ага Алланын саламы жана салаваты болсун элди үйлөнүүгө сөзү менен гана чакырбастан иш жүзүндө да көрсөткөн. Араб тилинде “Ба а” деген сөз финансы жана үйлөнүүгө тийиштүү болгон сөзгө айтылат. Бирок, үйлөнүүдө үй, унаа жана айлыгы чоң жумуш сыяктуу чоң каражатка ээ болуу шарт кылынбайт. Минималдуу кызга берилүүчү калың менен жубайын камсыз кыла турган каражаттын болуусу шарт кылынат. Тилекке каршы мусулман коомчулугунда тараган талаптар жана чоң үмүттөр жаштардын үйлөнүүнү кечиктирүүгө мажбур кылат. Акырында мындай абал күнөө ишти кылганга алып барат. Тескеринче үйлөнүүгө болгон талаптар аз болсо жаш жигиттердин тез үйлөнүүсүнө жардам берет. Мындайча айтканда күнөө иштен сактана алышат.
Ошондой эле хадисте үйлөнсүн деп айтылган сөз милдеттүү (важиб) деп, абалга жараша мандуб (жактырылган) да деп айтылышы ыктымал. Аалымдар үйлөнүүнүн өкүмүн беш категорияга бөлүшөт.
Эгер бир адамда реалдуу финансылык жетишпестиктин айынан үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо же чындап эле жубайына кысым көрсөтөм деген коркунуч болсо, анда бул хадисте колдон келишинче орозону көбүрөөк кармаганга үндөп жатат. Бул хадисте бир эле орозону максат кылган жок, деги эле жыныстык кумар орто абалда болуш үчүн колдон келишинче тамак-ашты азайтуу керек экендигин туюнтат.