«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Алла Таала ыйык Куранда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) өзүнүн хадистеринде, колунда бар киши мусулмандарга зекет берүүсүн буюруган.
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы бир жылдык мөөнөт менен зекет берүү тартибин карап чыгып, төмөндөгүдөй чечим кылат:
Жыйынтыгында:
Алтын баасында эсептегенде: 85 грамм алтынды (орто эсеп менен) 1500 сомдон эсептегенде 127 500 сом болуп, анын кырктан бири 3187 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 1.822 доллар болуп, анын кырктан бири 45 доллар).
Күмүш баасында эсептегенде: 612,36 грамм күмүштү (орто эсеп менен) 36 сомдон эсептегенде 22 044 сом болуп, анын кырктан бири 551 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 316 доллар болуп, анын кырктан бири 8 доллар).
Жогоруда аталаган зекет төрт нерседен берилет: Алтындан, күмүштөн, нак акчадан, товарлардан (соода сатык ниетинде сатып алынган буюмдар).
а) Уйдун зекети. Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 (отуз) уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет.
б) Кой, эчкинин зекети. Ар бир мусулман пенденин майда малы 40 (кырк) койго же 40 (кырк) эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир кой же бир эчки зекет катары берилет.
в) Төөнүн зекети. Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 (беш) төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет.
г) Жылкынын зекети. Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган жылкыларынан зекет берилет. Ар бир жылкыга бир динар (4.25 грамм алтын же 6375 сом) берилет, же жылкынын баасынын кырктан бири зекетке берилет.
Бул мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.
Эскертүү: Зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерге (үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк ж.б.) берилбейт.
Зекет берүүчү адам зекетти алтындын баасында чыгарабы же күмүштүн баасындабы өз ыктыяры. Бей-бечера муктаждардын пайдасы үчүн күмүштүн баасында чыгаруусу абз