Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Учу-кыйрына көз жеткис мезгил менен мейкиндикте, ай төгөрөк айланып калган бул он сегиз миң ааламда адамзатынын азбай-тозбой кечирген жашоосу бар бекен бул өмүрдө. Тээ байыркы доордон ушул күнгө чейин инсанды ийри жолго багыттап, жашоосуна бүлүк салган кара дуба, арам, кусур, кесир болуп келген. Ошол эле учурда кээ бир адамдын суук көздөрү жаш баланы чарчатып, алдууну алсыратып, көз тийүүнүн айынан көптөгөн жандар жер кучактап жаткандары канча.
Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) бир хадисинде: «Көз тийүү акыйкат» деген. «Адамдын көзү төөнү казанга, адамды кабырга алып барат» деген сөз да бар.
Азыркы учурда алсырап, башы ооруп, өзүн оор сезип, көңүлү суз жүргөндүн бир белгиси көз тийүүдөн экенин унутпашыбыз керек. Адамдын сөзү тийсе кулак угуп, курсак кайнап басылар, а эгер көзү тийсе анын уйкусу качып, тамакка болгон тибити жоголуп, жан дүйнөсү кысылып жөн эле туруп "дүйнө салды" деген кабарларды кулак чалса керек. Көз тийүүдөн Кудайым сактасын!
Биз көз тийүүдөн кантип сактанабыз?
Көз тийүүдөн сактаныш үчүн биз «Фатиха», «Аятул-Курси», «Фалак» жана «Нас» сүрөлөрүн өзүбүзгө-өзүбүз эртели-кечте, топ жыйындарга барарда окуп турушубуз керек. Ошону менен Алланын сыпаттарын жана ысымдарын айтып туруубуз зарыл.
Мындан тышкары дем салууну жеке өзүбүзгө эле колдонбостон, үй-бүлөбүзгө, айрыкча кичинекей балдарыбызда көз жазымда калбашы керек.
Бала демекчи, кичинекей бөбөктөрдүн сүрөттөрүн интернет желелерге салуудан оолак бололу. Анткени балдарга элдин назары өтүп зыяны тийип калышы мүмкүн. Ошондон улам балдардын уйкусу качып зыяны тийиши мүмкүн. Негизинен балдарды көпчүлүктүн арасына жана күн баткандан кийин эшикке алып чыгуудан оолак болуңуздар. Бул дагы сактануунун бир жолу.
Баарыбызды жамандын көзүнөн,сөзүнөн Аллах Таала өзү сактасын!
Даярдаган: Нарын казыяты