«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Төөлөрдүн зекети
Суроо: Зекет канча төөдөн берилет?
Жооп: Эгерде төөлөр алты айдан ашык жайыттан оттоп жана алардын саны бир жыл бою бештен көбүрөөк болуп турса, анда алардын зекетин берүү фарз болуп эсептелет.
Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет:
Эгерде төөлөрдүн саны 150гө жетсе, анда үч 3 жашар ургаачы төө берилет. Андан кийин эсеп 120 төөгө жүргүзүлгөндөй эсептелет. Эсеп ар бир 50 төөдөн соң жаңыланып турат.
Суроо: Зекет кандай төөлөрдөн берилет? Бир өркөчтүүдөнбү же эки өркөчтүүдөнбү?
Жооп: Зекет бардык төөлөрдөн, бир өркөчтүүдөн да жана эки өркөчтүүдөн да бериле берет.
Эскертүү: Зекетти ургаачы төө менен гана берүүгө болот. Эркек төөлөр менен да берсе болот, бирок бул учурда аларды ургаачы төөнүн баасы менен эсептөө керек.
Бодо малдын зекети
Суроо: Канча уйдан зекет берилет?
Жооп: Эгерде бодо мал алты айдан ашык жайыттан оттоп жана алардын саны бир жыл бою отуздан көбүрөөк болуп турса, анда алардын зекетин берүү фарз болуп эсептелет.
Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет:
Мисалы, эгерде 2 жашар торпок 20 миң сом болсо, анда бир уйга — 500 сом, эки уйга – 1000 сом, үч уйга – 1500 сом ж.у.с. Мындайча айтканда, кимдин 42 ую болсо, анда бир эки жашар торпок жана 1000 сом берилет. Бул Абу Ханифанын (рахм.ал) пикири боюнча. Ал эми Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммад (рахм.ал.) кырктан алтымыш башка чейин эч нерсе кошулбайт дешет. Уйлардын саны 60ка жеткенде зекетке 2 бир жашар торпок берилет, анткени 60 бул эки жолу 30 дегенди билдирет. Ал эми 30 башка бир жашар торпок берилип жатат. 69 башка чейин эч нерсе кошулбайт. 70 баштан бир 2 жашар жана бир 1 жашар торпок берилет. 79 башка чейин эч нерсе кошулбайт. 80 башка жеткенде 2 эки жашар торпок берилет. Анткени, 80 бул эки 40 дегенди билдирет. Ал эми 40 башка бир 2 жашар торпок берилип жатат. Мындайча айтканда, зекет ар бир отуз башка 1 бир жашар торпок, ал эми ар бир кырк башка 1 эки жашар торпок берилет.
Суроо: Зекет уйлардан эле берилеби, же буйволдордон дагыбы?
Жооп: Зекетти уйлардан, буйволдордон, букалардан жана өгүздөрдөн берүү фарз.
Жылкылардын зекети
Суроо: Жылкылардын зекетин берүү дагы фарз болуп эсептелеби?
Жооп: Жумушчу жылкылардын зекети фарз болуп эсептелбейт.
Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен (нисабка) зекет берүү өлчөмүнө жетсе кырктан бири зекетке берилет.
Суроо: Качырлардан жана эшектерден зекет берилеби?
Жооп: Жок, качырлардан жана эшектерден зекет берүү фарз эмес.
Койлордун зекети
Суроо: Зекет канча койдон берилет?
Жооп: Эгерде койлор алты айдан ашык жайыттан оттоп жана алардын саны бир жыл бою кырктан көбүрөөк болуп турса, анда алардын зекетин берүү фарз болуп эсептелет.
Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет:
Суроо: Эчкилерден зекет берилеби?
Жооп: Ооба, койлор сыяктуу эле эчкилерден дагы зекет бериш керек. Эчкилердин зекети койлордуку сыяктуу эсептелет.
Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмү.