Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Муфтият | 03.12.2025
  • |

МЕКЕНДИ СҮЙҮҮ – ЫЙМАНДАН

Мекен – инсан төрөлгөн жер, киндик каны төгүлгөн жай, ал жайда өнүп-өсөт, улгаят, үй-бүлө курат, эстен чыккыс элестер, жакын тууган-уруктар, ата-бабалар бардык, бардыгы инсан үчүн ыйык болуп саналат. Себеби, Мекенди сүйүү инсан табиятынын бир бөлүгү. Ошондуктан, андан алыстаганда аны сагынат, ага умтулат. Аллах инсанга мына ушул табиятты ыроологон.  

Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) кайсы бир киши бейтаптыгынан арызданып келсе, манжасын берекелүү шилекейине чылап, соң ошол манжасын жердеги топуракка матырып, анан ошол бейтап адамга сүртүп дем салган. Бул жөнүндө Айша энебиз (разияллоху анха)дан риваят кылынган: 

عَنْ عَائِشَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا قَالَتْ: كَانَ إِذَا اشْتَكَى الْإِنْسَانُ الشَّيْءَ مِنْهُ أَوْ كَانَتْ بِهِ قَرْحَةٌ أَوْ جُرْحٌ قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِأُصْبُعِهِ: «بِسْمِ اللَّهِ تُرْبَةُ أَرْضِنَا بِرِيقَةِ بَعْضِنَا لِيُشْفَى سَقِيمُنَا بِإِذن رَبنَا» مُتَّفَقٌ عَلَيْهِ  
Айша энебиз (разияллоху анха) риваят кылат: “Качан бир инсандын табы жок болсо, же жарабы, же ар кандай  жараатпы болсо, Набий (соллаллоху алайхи ва саллам) (сөөмөй) манжасын мнтип көтөрүп: “Бисмиллахи, турбати арзина. Бирийкати баъзина. Лиюшфа бихи сакиймуна. Би изни Роббина (“Аллахтын ысымы менен дем саламын. Жерибиздин топурагы жана бирибиздин шилекейи менен. Аны менен бейтабыбыз шыпаа табышы үчүн. Роббибиздин изни менен)” дейт эле” (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты).

Инсан өзү жакшы көргөн нерсесин жыттаса да шыпаа болот. Ошондуктан жакшы көрүшкөндөрдүн бир-бири менен көрүшүүсү шыпаа түрлөрүнөн болуп саналат. Яъкуб (алайхис салам) уулу Юсуфту (алайхис салам) сагынгандыгынан көзү азиз болуп калган. Юсуф (алайхис салам)дын көйнөгүн башына жапканда көрбөй калган көздөрү шыпаа тапкан.   

Дал ошондой эле, пайгамбарлардын атасы делинген Ибрахим (алайхис салам) мекени Мекке үчүн мындай дуба кылгандыгы Куранда келген: 
وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّ اجْعَلْ هَٰذَا بَلَدًا آمِنًا وَارْزُقْ أَهْلَهُ مِنَ الثَّمَرَاتِ مَنْ آمَنَ مِنْهُمْ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۖ .. ﴿١٢٦﴾
“Ибрахимдин: “Роббим, бул шаарды амандык шаары кылгын жана элинен Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтиргендерин түрдүү мөмө-жемиштер менен ырыскыландыргын” дегенин эсте...”. (Бакара сүрөсү; 126-аят.)

Ибрахимдин (алайхис салам) дубасы чын дилинен ташып чыккан махабат болчу. Меккеге тынчтык-амандык жана ырыскы сурады. Себеби, бул эки нээмат Мекен бейпилдиги жана өнүгүүсү үчүн олуттуу нерсе. Ал экөөнүн бири же экөөсү да табылбаса бакыт жоголот. 

Инсан адегенде өзү туулуп өскөн ата мекенине махабат жана берилгендикте болууга Ислам дини таалим берет. Андан кийин бүт дүйнө жана бүт инсаниятка. Тагыраак айтканда, Ислам инсанды оболу өз жакындарына, туугандарына жакшылык кылууга чакырат. Кийин айлананы ороп турган Аллах жараткан башка нерселердин акысын өтөөгө, аларга ырайым кылууга үндөйт. Ошондуктан, Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): 

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ، أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ ، قَالَ: الرَّاحِمُونَ يَرْحَمُهُمُ الرَّحْمَنُ، ارْحَمُوا مَنْ فِي الأَرْضِ يَرْحَمْكُمْ مَنْ فِي السَّمَاءِ».أَخْرَجَهُ أَبُو دَاوُدَ ، وَالتِّرْمِذِيُّ 
Абдуллах ибн Амр ибн Аас (разияллоху анху) риваят кылат: “Ыраймдууларды Ар-Рахман болгон заттын Өзү ырайым кылат. Жердегилерге ырайым кылгыла, ошондо көктөгүлөр да силерге ырайым кылат” деп айткан. (Абу Давуд жана Термизий риваяты). 

Бул нерсе улам кеңейип бара берет. Инсан мекендеши башка дин өкүлү болсо да, албетте ага жакшылык кылууга буюрулган. 

Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Ким убадалашкан ахли китеп өкүлдөрүнө зулум кылса, же анын күчү жетпей турган нерсеге буюрса, же аны ыраазы кылбай андан бир нерсесин тартып алса мен кыямат күнү анын суракчысы боломун”, - деген.

Барган сайын бул нерсе чоңоюп бара берет да, инсан айбанаттар, өсүмдүктөр, тоо-таштар ааламдарынын ар бирине жакшылык кылууга буюрулат. Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Аллах Таала ар бир нерсе үчүн жакшылык жазган” деп айткан.

Динибиз ислам ар бир иште Аллахка такыба кылууга буюрат. Айша (разияллоху анха) риваят кылат: “Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Албетте, Аллах Таала силерден бирөөнүн Ага такыбалык менен кылган амалдарын жакшы көрөт”, - деп айткан.

Исламда мекенге сүйүү – бул фанаттык эмес, инсан өзүн башкалардан өйдө коюу, каршылашып душмандашуу, жийиркенүү, башкаларга айла-амал кылуу дегени эмес. Ошондой эле, бөлүнүү же тарапташуу дегени да эмес. Болгону туулуп өскөн журтуна сый-урмат. 

«Мекенди сүйүү ыймандан» деген сөздү хадис китептеринен учуратпасак да, исламдын мамилеси мына ушул хикматтуу сөзгө дал келет. 

Аллах инсанды жаратты. Өзү андан жараткан жана ага кайтара турган жерге, топуракка болгон махабатты инсандын табиятына жуурулуштурду. Шайх Мухаммад Газзалий (рахимахуллах) айтат: «Адам өзүнүн туулган жерине, мейли ал какырган чөл болсо да катуу байланып калат. Мекенди сүйүү инсандын руханиятындагы түпкү табият. Мына ушул табият мекенде жашоодо бейпилдик, андан алыстаганда сагыныч, душман кол салганда коргоо жана кемситилгенде каардануу сезимдерин пайда кылат». 

Мекенди сүйүүнү Пайгамбардан (соллаллоху алайхи ва саллам) үйрөнөлү... 

Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) сахабалары менен акаарат жана азаптоо токтобогон кыйын күндөрдө да Меккеде сабыр менен жашоо өткөрүп турду. Жадагалса айрым сахабалар абал аябай курчуп, кыйынчылык күчөгөндөн күчөп, азаптар жан чыдаткыс даражага жеткендей Расуулуллахка (соллаллоху алайхи ва саллам): «Аллахка биздин пайдабыз үчүн дуба кылбайсызбы, бизге жардам бербейби?», деп айтып жиберишти. Ошондо ал зат (соллаллоху алайхи ва саллам) аларды сабыр кылууга буюрду. 

Ясир, аялы Сумая жана уулу Аммар албан-албан азаптарды тартып жатышканда алардын жанынан өтүп калса да аларга эч качан: «Эй Ясирдин үй-бүлөсү, сабыр кылгыла, өч алуу күнү жакын!» деген эмес. Болгону: «Сабыр кылгыла, бара турган жайыңар бейиш» деп насаат айтчу.  Бул мекендин тынчтыгын ойлогондуктан, элине мээрбандыктан болчу. Бул мекенди жарандык согуш, кан төгүлүшү жана шаардын талакалануусунан сакташ үчүн болгон. Бул бүгүнкү тил менен айтканда мекендин келечеги үчүн кызмат кылуу дегени. 

Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) Меккеден чыгып кетүүнү каалаган эмес, качан гана Мекке мушриктеринин ал затка кылган зулуму чектен ашып кеткенде гана Жараткандын уруксаты жана көрсөтмөсү менен андан чыгып кеткен. Чыгуу учуру келгенде көзүнө жаш алды, көңүлдөр бошошуп, жибип кете турган сөздөрдү айткан. 

Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Эй Мекке! Мага сага караганда сүйүктүүрөөк шаар жок. Эгер өзүмдүн коомум сени таштап чыгуума мажбур кылбаганда тап-такыр сенден башка жайды мекен кылмак эмесмин” деп Мекке шаарынан чыгып баратканда айткан. (Термизи риваяты).

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам)  Мекенине карата айткан бул кооз сөздөргө этибар берип көрүң! Мекендин абасы, суусу, топурагы баары инсанга шыпаа. Бекеринен калкыбыз: “Туулган жердин топурагы алтын” деп айткан эмес. 

Мадинаны экинчи мекен кылды. Ал заттын мекенчилдиги, жашап жаткан журтуна махабаты ташып турганын көп жерден байкаса болот: 

1— Мадина шаары үчүн мындай дуба кылган: «Аллахым, бизге Мадинаны Меккедей же андан да ашыгыраак сүйкүмдүү кыла көр!». 

Кийинчерээк Мадинага жакныдшакандыгын билдирүүчү белгилерди көргөндө кубанып кете турган болду. 

عَنْ أَنَسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا قَدِمَ مِنْ سَفَرٍ، فَنَظَرَ إِلَى ‌جُدُرَاتِ الْمَدِينَةِ أَوْضَعَ رَاحِلَتَهُ، وَإِنْ كَانَ عَلَى دَابَّةٍ حَرَّكَهَا مِنْ حُبِّهَا. رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ
Анас ибн Малик (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) сапардан кайтканда Мадинанын тамдарын көрөөрү менен минген төөсүн тездетип калчу. Эгер ат же эшек минип алган болсо аны камчылап, нукуп тездетип бастырып калчу. Бул кылганы Мадинаны аябай жакшы көргөндүктөн болгон». (Имам Бухарий риваяты)  

2 – Ички кырдаалды бекемдеп күчөтүү. Мухажирлер менен ансарлар ортосунда ага-инчиликти негиздеп жүргүздү. Алар башында өз-ара мурас ала турган даражада бир тууган болушту. 

3 – Ички кырдаалдын тынчтыгын камсыздоо. Мусулмандар менен Мадинада чогуу жашап жаткан жөөт жана мушрик арабдар сыяктуу мусулман эместердин ортосунда келишим жана шартнамалардын түзүлүшү. 

Ошондой эле Мадинаны мекендин бүтүндүгүнө коркунуч сала турган кооптордон коргоо. Бул төмөнкү абалдарда көрүнөт;
«Жөөттөр Авс жана Хазраж урууларынан болгон ансарлардын ортосуна фитна-бүлгүн салмакчы болгондо, аны токтотууга тездик менен киришилди. Аларга исламга чейинки доордо болгон абалдары жана Буас күнүндөгү кыргын эске салынды. Ошондо Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): «Аллах, Аллах, мен ичиңерде боло туруп, жахилияттагы дообу?!» деп айткан!». (Имам Ахмад риваяты) 

Мадина калкы түндөрдүн биринде коркунучтуу добуш укту, анан шаардын азаматтары ошол добуш чыккан тарапка ал эмне болгон добуш экениин билүү үчүн чуркашты. Ошол учурда Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) добуш чыккан тараптан келе жаткан жана ал тарапка бараткандарга: «Коркпогула, тынчтангыла», деди. Бул сөз адатта кооп тараганда коркуп кеткендерге мээрбандык иретинде айтылат. Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) Мадинанын калкына болгон сүйүүсү жана мээрбандыгы себептүү башкалардан мурун ошол коркунучтуу добуш чыккан тарапка коркпой жетип барган. Анан ал жакта эч кандай кооптуу бир нерсе жок болгондугунан элди тынчтандыруу үчүн артка кайткан. Ошондой эле, жөөттөрдүн канчалаган бузгунчулугун элдин тынчтыгы үчүн көрмөксөнгө салган. 

4 – Мекенди коргоо, кошуунду куралдандыруу жана аскердик даярдыкка өзү башчылык кылуу, бир канча казаттарда өзүнүн катышуусу жана Мадинадагы эгемендүүлүктү коргоо. 
Мекенди сүйүү же мекенчилдик жөнөкөй девиз же курук сезим гана эмес, ал амал, иш-аракет болуш керек. Сөзүбүзгө төмөнкү далилдерди келтиришибиз мүмкүн: 

1 – Бүт жакшылыктарды тилеп мекен үчүн дуба кылуу. Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) мекени үчүн мындай деп дуба кылган: 

عَنْ أَنَسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، عَنِ النَّبِيِّ ﷺ قَالَ: اللَّهُمَّ اجْعَلْ بِالْمَدِينَةِ ضَعْفَيِ مَا جَعَلْتَ بِمَكَّةَ مِنَ الْبَرَكَةِ، رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ
Анас (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): «Аллахым Мадинага Меккеге берген берекеңдин эки эсесин бере көр!» деп дуба кылган». (Имам Бухарий риваяты)   
Кайсы бирибиз мекенге ушундай дуба кылабыз? 

2 – Коомдун биримдигин күчөтүү жолунда аракет кылуу. Бул жөн эле кол куушуруп олтура берген менен болбойт, кыймылдаш керек:  

فَهَلۡ عَسَيۡتُمۡ إِن تَوَلَّيۡتُمۡ أَن تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَتُقَطِّعُوٓاْ أَرۡحَامَكُمۡ ﴿٢٢﴾
«(Оо эки жүздүүлөр!) Демек, убада сөзүңөрдөн айнып, Аллахтын буйругунан баш тартсаңар, анда силер жер бетинде бузукулук таратып, араңардагы туугандык байланыштарды да биротоло үзүшүңөр мүмкүн экен го?!». (Мухаммад сүрөсү; 22-аят) 

Кошуналарыбызга жакшылык кылуу менен: 
عن أَبي هريرة رَضِيَ اللهُ عَنْهُ: أَنَّ النَّبيَّ ﷺ قَالَ: وَاللهِ لَا يُؤْمِنُ، وَاللهِ لَا يُؤْمِنُ، وَاللهِ لَا يُؤْمِنُ، قِيلَ: مَنْ يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: الَّذِي لَا يَأْمَنُ جَارُهُ بَوَائِقَهُ. مُتَّفَقٌ عَلَيهِ.
Абу Ҳурайра (разияллоху анху) риваят кылат: Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): «Аллахка ант, момун эмес! Аллахка ант, момун эмес! Аллахка ант, момун эмес!» деди. Ошондо: «Ким момун эмес, эй Аллахтын элчиси?» деп сурашты. «Кошунасы жамандыктарынан аманда болбогон киши!» деп жооп берди». (Имам Бухарий жана Муслим риваяты).

Бири-бирибизге жакшылыкты ыраа көрүү менен:  
عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِىَ اللهُ عَنْهُ عَنِ النَّبيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: لَا يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى يُحِبَّ لِأَخِيهِ مَا يُحِبُّ لِنَفْسِهِ. رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ وَمُسْلِمٌ.
Анас ибн Малик (разияллоху анху) риваят кылат: Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): «Силерден кимдир бирөө өзүнө ыраа көргөн нерсесин башка бир тууганына да ыраа көрмөйүнчө толук момун боло албайт» деп айтты». (Имам Бухарий жана Муслим риваяты) 

Өз ара жардам менен;

Аллах Таала айтат: 
... وَتَعَاوَنُوا عَلَى الْبِرِّ وَالتَّقْوَىٰ ۖ وَلَا تَعَاوَنُوا عَلَى الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ ۚ ... ﴿٢﴾
«... Жакшылык жана такыбада өз ара жардамдашкыла. Күнөө жана душмандыкта бири-бириңерге көмөктөшпөгүлө...». (Маида сүрөсү; 2-аят) 

Мусулман эмес мекендештер менен жакшылык, адилеттүүлүк жана эхсан кылган абалда, жакшы мамиледе болуу менен: 
عَنْ صَفْوَانَ بْنِ سُلَيْمٍ عَنْ عِدَّةٍ مِنْ أَبْنَاءِ أَصْحَابِ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنْ آبَائِهِمْ عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «أَلَا مَنْ ظَلَمَ مُعَاهِدًا أَوِ انْتَقَصَهُ أَوْ كَلَّفَهُ فَوْقَ طَاقَتِهِ أَوْ أَخَذَ مِنْهُ شَيْئًا بِغَيْرِ طِيبِ نَفْسٍ فَأَنَا حَجِيجُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ» . رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ
«Сафван ибн Сулайм бир канча сахабалардын балдарынан риваят кылган: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам): «Ушар болгула! Ким биз менен убадалашкан адамга зулум кылса, же кемситсе, же күчү жетпей турган нерсеге буюрса, же мажбурлап бир нерсесин тартып алса, мен ал адамдын кыяматтагы доогеримин!», деп айтты». (Абу Давуд риваяты) 

Кекчилдик, көрө албастык, менменсинүү жана куйтулук сыяктуу терс мүнөздөрдөн алыс болуу. 

3 – Мекендин өнүгүүсү үчүн жана аны коргоо үчүн жан күйөрлүк менен аракет кылуу. Булар болсо төмөнкүлөр менен амалга ашат: 
Мекендин мал-мүлкүн абайлап асыроо. 
Мекендин өсүп өнүгүү жолунда тер төгүү. 
Мекен үчүн кашык каны калганча күрөшүү. 
Мекен үчүн өзүн арноо. Бул жолдо бирөөдөн ыраазылык, мактоо жана этибар күтпөө. 

4 – Мекендин эгемендүүлүгү, чек-арасы жана абийрине кылынган моралдык жана физикаалык чабуулдарда коргоого өтүү. 
Айтып өтүлгөндөрдөн көрүнүп тургандай, мекенди сүйүү же айрымдар мазак менен тилге ала турган сөз – мекенчилдик, ибадат даражасына көтөрүлгөн аруу жана исламий баалуулук болуп саналат. Мынлдай сыпатка ээ болуу момундун негизги өзгөчөлүктөрүнөн бири. Мына ушулардан кийин да мусулман кишилердин мекенчилдигине, өзү жашап турган журтуна карата махабатына шек менен кароо мүмкүнбү? 

Демек, мусулман киши мекенин сүйөт. Анын келечеги үчүн аракет кылат, аны коргойт, ийгилигине кубанат, көйгөй жетсе капа болуп кайгырат. Инсан Мекен мага эмне берди, деп эмес мен Мекенге эмне кылдым, деген улуу сезим менен жашоосу керек. Себеби, олуялардын алдыңкыларынан болгон Ибрахим Адхам: “Мен жоготкон нерселеримдин ичинде эң кадырлуусу – бул мекенимден айры жашаганым” деп айткан экен. 

Эй, Аллахым! Азиз жана ыйык мекенибиз – жандан артык сүйгөн Кыргызстанды Өзүң мындан да улуу кылгын, асманын жарык кыла көр, элибиздин тынчтыгы жана бакытын арттыра бер!  

Абибилла Кадырбердиев, КМДБнын алдындагы диний агартуу башкармалыгынын башчысы

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)