Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Муфтият | 04.07.2021
  • |

НАМАЗДАН КИЙИНКИ ИБАДАТТАР-2

НАМАЗДАН КИЙИНКИ ИБАДАТТАР
2-бөлүк 

Курандан башка аяттарды да окуу: Чындыгында, хадистерде намаздан кийин (Аятал курсийден) башка аяттар, Курандан (кээ бир) сүрөлөрдү окуу да осуят кылынат.

عَنْ عُقْبَةَ بْنِ عَامِرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ:  أمَرَنِي رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنْ أَقْرَأَ الْمُعَوِّذَاتِ دُبُرَ كُلِّ صَلَاةٍ رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ (1523)، وَالتِّرْمِذِيُّ (2903)، وَالنَّسَائِيُّ (3/68)، وَأَحْمَدُ (4/201) (17826). قَالَ التِّرْمِذِيُّ، وَالذَّهَبِيُّ فِي ((مِيزَنِ الْإِعْتِدَالِ)) (4/433): حَسَنٌ غَرِيبٌ. (( 

Укба ибн Амир (разияллоху анху) айтат: Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) мага ар намаздан соң Муъавваза сүрөлөрүн окушумду буюрган.

Бул хадисти Имам Абу Давуд, Имам Термизий, Имам Насаий жана Имам Ахмаддар риваят кылган. Ошондой эле, Имам Термизий жана Захабий “Мийзанил иътидал”да бул хадисти хасан гарийб деп айтышкан.

Ал эми Ибн Хиббан менен Хаким болсо сахих деп айтышкан. Көптөгөн абалдарда Муъавваза сүрөлөрү деп Курандын акыркы эки сүрөсү – Фалак жана Наас сүрөлөрү айтылса да, бул жерде аалымдарыбыз Ихлас жана Каафирун сүрөлөрүндө да жардам суроо (куфр жана ширктен сактануу) маанилери бар болгондуктан жана хадистеги “Муъавваза” сөзү экилик эмес көптүк түрдөгү мааниде келгендиктен бул эки (Ихлас жана Каафирун) сүрө да  муъавваза сүрөлөрүнө кирет деп айтышкан. Демек, намаздардын аркасынан мына ушул төрт сүрөнү – Каафирун, Ихлас, Фалак жана Наас сүрөлөрүн окуу мустахаб болот.

Мавлана Алий ал-кары “Мавзуъат” аттуу чыгармасында Абу Шайх ибн Хиббандын хадисин келтирген.  Атаа ибн Абу Рабаах (рахимахуллах) риваят кылат:

رُوِيَ عَنْ عَطَاءِ بْنِ أَبِي رَبَاحٍ الْمَكِّيِّ رَحِمَهُ اللهُ أَنَّهُ قال: إِذَا أَرَدْتَ حَاجَةً فَاقْرَأْ فَاتِحَةَ الْكِتَابِ حَتَّىٰ تَخْتِمَهَا تُقْضَىٰ إِنْ شَآءَ اللهُ تَعَالَىٰ

“Качан бир кажетиңдин бүтүүсүн кааласаң, Фаатихат ал-Китабты окугун, аны аягына чыгаар замат Аллаах кааласа кажеттериң да бүтөт”, деген хадисти келтирип, бул хадис адамдардын кажеттерин бүтүрүү үчүн жана зарыл иштердин бүтүүсү үчүн Фатиха сүрөсүн окуунун негизи, деп жазат. Мавлана Абу Саид ал-Хадимий адамдардын жамаат намаздарынан кийин баары биргеликте купуя жана жарыя таризде “Сураи Алхамду”ну окуп, кажеттерин суроо маселесин тахкик кылып, Ханафий мазхабынын бир канча китептеринен келтирип баян кылат. Анын айтуусуна караганда, “Фатавайи Татарханиййа”, “Ал-Куниййа”, “Ал-Ашбах” китептеринде намаздардын артынан маъсура дуалар менен бирге Алхамду сүрөсүн окуган абзел, делинген. Анткени, Фатиха сүрөсүнүн дуа мааниси бар. Бирок фарз намаздардын артында сүннөтү болсо, фарздын артынан эле окуу макрух делинген.  Ал-Хадимийдин корутундусу; эң жакшысы, ар ким ичинен купуя Алхамду сүрөсүн окуп, дуа кылып кеткен макул.

Демек, ушул хадистерге таянып, намаздан соң тасбихтер, аятал курсийден сырткары Курандан аяттар же сүрөлөр окуу да сүннөт (мустахаб) амалдардан экендигин ачык айта алабыз. Андыктан биздин журтта азырга чейин бул амалдар таптакыр ташталбай аткарылып келүүдө, алхамдулиллаах.  

Намаздан кийинки дуа кылуу: Намаздан кийин дуа кылуу жөнүндөгү көрсөтмөлөр, ага болгон кызыктыруулар сахих хадистерде өз ордун тапкан.  

Дуа кабыл боло турган убакыттардын бири дал ушул намаздардан кийин дуа кылуу. Сахабалар: “Эй Расуулуллаах, эң уккулуктуу жана эң кабыл болуучу дуа кайсы?”, деп сурашканда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп жооп берген:

عَنْ أَبِي أُمَامَةَ الْبَاهِلِيِّ قَالَ: قِيلَ يَا رَسُولَ اللهِ : أَيُّ الدُّعَاءِ أَسْمَعُ قَالَ: «جَوْفَ اللَّيْلِ الْآخِرِ وَدُبُرَ الصَّلَوَاتِ الْمَكْتُوبَاتِ». رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ

“Эң кабыл болууга жакын дуалар түндүн акыркы ичиндеги жана фарз намаздарынын артынан кылынганы”. Имам Термизий Абу Умамадан (разийаллоху анху) риваят кылган.

Ошондуктан Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) жана анын сахабалары (разияллоху анхум) намаздардан соң (фарз сүннөттөр окулгандан соң) дуа кылууну үзүр болбосо таптакыр калтырышкан эмес. Пайгамбарыбыздын сахабалары мына ушуга кызыктырышкан жана кандай дуа кылууну өздөрү үйрөтүшкөн.  

Муттафакун алайх (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваятындагы) болгон хадисте Абдуллаах ибн Масъуддун (разияллоху анху) күбөлүк берүүсүнө караганда, Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) намаздан бошогондон соң оң же сол тараптан бурулуп олтурат эле жана дуа-зикирлерди аткарып анан үйүнө кайтат эле. Мына ушундай олтурууда окуган зикирлери жана дуаларын сахабалар эске тутуп жатап да алышкан.

عَنِ الْبَرَّاءِ بْنِ عَازِبٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ كُنَّا إذَا صَلَّيْنَا خَلْفَ رَسولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، أَحْبَبْنَا أَنْ نَكُونَ عَنْ يَمِينِهِ، يُقْبِلُ عَلَيْنَا بوَجْهِهِ، قالَ: فَسَمِعْتُهُ يقولُ: رَبِّ قِنِي عَذَابَكَ يَومَ تَبْعَثُ، أَوْ تَجْمَعُ، عِبَادَكَ.رَوَاهُ مُسْلِمٌ

Барро ибн Азибтин (разияллоху анху) эскерүүсүнө караганда: Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) артында намаз окуп бүткөнүбүздөн соң, ал киши бизге жүздөнүп олтурганда анын оң тарабында болууну жактырчубуз. Анан ал заттын (соллаллоху алайхи ва саллам): “Эй Роббим! Мени пенделериңди чогулта турган же тирилте турган күндө азабыңдан сактай көр!”, деп дуа кылганын укканмын, деп айткан”. Аны Имам Муслим риваят кылган.

Ошондой эле, Мугийра ибн Шуъбадан (разияллоху анху) Имам Ахмад жана Бухарий менен Муслимдер риваят кылган хадисте айтылуусуна караганда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) ар намаздан соң мына бул дуаны кылчу экен:

أَخْبَرَنِي مُحَمَّدُ بْنُ قُدَامَةَ، قَالَ حَدَّثَنَا جَرِيرٌ، عَنْ مَنْصُورٍ، عَنِ الْمُسَيَّبِ أَبِي الْعَلاَءِ، عَنْ وَرَّادٍ، قَالَ كَتَبَ الْمُغِيرَةُ بْنُ شُعْبَةَ إِلَى مُعَاوِيَةَ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَقُولُ دُبُرَ الصَّلاَةِ إِذَا سَلَّمَ ‏ «‏ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَحْدَهُ لاَ شَرِيكَ لَهُ لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ اللّٰهُمَّ لاَ مَانِعَ لِمَا أَعْطَيْتَ وَلاَ مُعْطِيَ لِمَا مَنَعْتَ وَلاَ يَنْفَعُ ذَا الْجَدِّ مِنْكَ الْجَدُّ ‏»‏ (يَعْنِي: لَا يَنْفَعُ ذَا الْحَظِّ فِي الدُّنْيَا مِنَ الْمَالِ وَالْوَلَدِ مِنْكَ حِظُّهُ فِي الْآخِرَةِ؛ لِأَنَّهُ إِنَّمَا يَنْفَعُ فِي الْآخِرَةِ عِنْدَ اللهِ الْعَمَلُ الصَّالِحُ، لَا الْمَالُ وَلَا الْبَنُونُ، كَمَا قَالَ تَعَالَىٰ: ﴿ الْمَالُ وَالْبَنُونَ زِينَةُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَالْبَاقِيَاتُ الصَّالِحَاتُ خَيْرٌ عِنْدَ رَبِّكَ ﴾

Аллахтын жалгыз Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу зат жок. Анын шериги да жок. Бүтүн мүлк жана мактоолор Ага таандык. Ошондой эле Ал бардык нерсеге кадыр. Эй Аллаахым! Сен Өзүң берген нерсени тосуучу жок. Сен Өзүң тоскон нерсени берүүчү жок. Дүйнөдө улуумун деген адамга Өзүңдөн (келген азаптан) анын улуулугу пайда бербейт!”.

وَلِمَا يُرْوَىٰ عَنْ كَعْبِ الْأَحْبَارِ عَنْ صُهَيْبٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا انْصَرَفَ مِنْ صَلَاتِهِ قَالَ: اللَّهُمَّ أَصْلِحْ لِي دِينِي الَّذِي جَعَلْتَهُ لِي عِصْمَةً، وَأَصْلِحْ لِي دُنْيَايَ الَّتِي جَعَلْتَ فِيهَا مَعَاشِي، اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِرِضَاكَ مِنْ سَخَطِكَ، وَأَعُوذُ بِعَفْوِكَ مِنْ نِقْمَتِكَ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنْكَ، لَا مَانِعَ لِمَا أَعْطَيْتَ، وَلَا مُعْطِيَ لِمَا مَنَعْتَ، وَلَا يَنْفَعُ ذَا الْجَدِّ مِنْكَ الْجَدُّ

Каъбул Ахбар (разияллоху анху) Сухайбдан (разияллоху анху) кылган риваятта жогорку дуанын алдынан төмөнкү дуаларды да кошкон: “Эй Аллаахым! Ишимдин аруулугу болгон динимди ислах кылыгын (оңогун)! Жашоом болгон дүйнөмдү да ислах кылгын (оңогун)! Эй Аллахым! Албетте мен Сенин каарыңдан Өзүңдүн ыраазылыгына коргономун, Сенин ачууңдан Өзүңдүн кечиримиңе коргономун! Сенин Өзүңдөн Өзүңө коргономун!”.

Аны менен бирге Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) Муъазга төмөнкүдөй осуят кылган:

عَنْ مُعَاذِ بْنِ جَبَلٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ: أنَّ رَسولَ اللهِ صلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَخَذَ بِيَدِهِ، وَقَالَ: يَا مُعَاذُ، وَاللهِ إنِّي لَأُحِبُّكَ، وَاللهِ إنِّي لَأُحِبُّكَ، فَقَالَ: أُوصِيكَ يَا مُعَاذُ لَا تَدَعَنَّ فِي دُبُرَ كُلِّ صَلَاةٍ تَقُولُ: اللَّهُمَّ أَعِنِّي عَلَىٰ ذِكْرِكَ، وَشُكْرِكَ، وَحُسْنِ عِبَادَتِكَ. رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ

Муъаз ибн Жабалдан (разияллоху анху) риваят: «Албетте Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) Муъаздын колунан кармап алып: “Эй Муъаз! Аллаахка ант! Сени жакшы көрөм. Аллаахка ант! Сени жакшы көрөм. Сага осуятым намаздын артынан “Эй Аллаахым Өзүңдү зикир кылууга, Өзүңө шүгүр кылууга жана Өзүңө кооз ибадат кылууга мага Өзүң жардам бергин”, деп айтууну эч качан таштабагын”, деп айтты”. (Имам Абу Давуд риваяты)

Ошондой эле, Имам Бухарийдин риваятында, Саъд ибн Абу Ваккасга (разияллоху анху) Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) намаздан соң мындай деп дуа кылууну үйрөткөн:

عَنْ سَعْدِ بْنِ أَبِي وَقَّاصٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُعَلِّمُنَا هَؤُلَاءِ الكَلِمَاتِ، كَمَا تُعَلَّمُ الْكِتَابَةُ: اللَّهُمَّ إنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْبُخْلِ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنَ الجُبْنِ، وَأَعُوذُ بِكَ مِن أَنْ نُرَدَّ إِلَىٰ أَرْذَلِ الْعُمُرِ، وَأَعُوذُ بِكَ مِن فِتْنَةِ الدُّنْيَا، وَعَذَابِ القَبْرِ رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ.

“Эй Аллаахым, албетте мен сенден сараңдыктан жана коркоктуктан жардам сураймын (мени коркок кылбагын), кор болуп өмүр кечирүүдөн, дүйнө фитналарынан жана кабыр азабынан (сактооңду сурап) Өзүңдөн  (жалбарып) жардам сураймын!”.

Имам Абу Давуд жана Хакимдин риваятында Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) төмөнкү дуаны эртели кеч намаздан соң кылуусу айтылган:

اللّٰهمَّ عافِنِي فِي بَدَنِي، اللّٰهمَّ عافِنِي فِي سَمْعِي، اللّٰهمَّ عافِنِي فِي بَصَرِي، لَآ إلٰهَ إلَّا أَنْتَ؛اللّٰهمَّ إنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْكُفْرِ وَالْفَقرِ، اللّٰهمَّ إنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ عَذَابِ الْقَبْرِ، لَآ إلٰهَ إلَّا أَنْتَ،

“Эй Аллаахым! Денемди саламат кылгын! Эй Аллахым, угуумду (кулагымды) саламат кылгын! Эй Аллаахым, көрүүмдү (көзүмдү) саламат кылгын! Эй Аллаахым! Өзүңдөн куфр жана жакырлыктан (сактооңду тилеп) жардам сураймын! Эй Аллаахым! Албетте мен Сенден кабыр азабынан жардам сураймын! Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!”.

الْحَدِيثُ رَوَاهُ الْإِمَامُ أَحْمَدُ فِي الْمُسْنَدِ (17362) وَأَبُو دَاوُدَ (5079) ، وَلَفْظُهُ: عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَ: » إِذَا صَلَّيْتَ الصُّبْحَ فَقُلْ قَبْلَ أَنْ تُكَلِّمَ أَحَدًا مِنَ النَّاسِ » اَللّٰهُمَّ أَجِرْنِي مِنَ النَّارِ سَبْعَ مَرَّاتٍ » فَإِنَّكَ إِنْ مِتَّ مِنْ يَوْمِكَ ذٰلِكَ كَتَبَ اللهُ لَكَ جِوَارًا مِنَ النَّارِ، وَإِذَا صَلَّيْتَ الْمَغْرِبَ فَقُلْ قَبْلَ أَنْ تُكَلِّمَ أَحَدًا مِنَ النَّاسِ اَللّٰهُمَّ  أَسْأَلُكَ الْجَنَّةَ، اَللّٰهُمَّ أَجِرْنِي مِنَ النَّارِ» سَبْعَ مَرَّاتٍ فَإِنَّكَ إِنْ مِتَّ مِنْ لَيْلَتِكَ كَتَبَ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ لَكَ جِوَارًا مِنَ النَّارِ».

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам): “Качан багымдат намазын окусаң, адамдардан бирөөгө сүйлөөдөн мурда: “Аллохумма ажирни мин ан-наар – Эй Аллахым мени тозоктон сактагын!” деп жети жолу айт! Эгер ошол күнү көз жумсаң Аллаах Таала сени тозоктон азат болгон кошуна деп жазат. Качан шам намазын окусаң, адамдардан бирөөгө сүйлөөдөн мурда: “Аллохумма асъалука ал-жанната – Эй Аллаахым Сенден бейишти сураймын. Аллохумма ажирни мин ан-наар – Эй Аллахым мени тозоктон сактагын!” деп жети жолу айт! Эгер ошол түнү көз жумсаң, Аллаах сени тозоктон азат болгон кошуна деп жазат”, деп айтты”.  Бул хадисти Имам Ахмад жана Абу Давуд риваят кылган.

عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ أُمِّ الْمُؤْمِنِينَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا قَالَتْ: أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَقُولُ إِذَا صَلَّى الصُّبْحَ حِينَ يُسَلِّمُ : اَللّٰهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ عِلْمًا نَافِعًا ، وَرِزْقًا وَاسِعًا ، وَعَمَلًا مُتَقَبَّلًا. رَوَاهُ أحْمَدُ

Имам Ахмад Умму Салама энебизден (разияллоху анхаа) риваят кылган хадисте айтылуусуна караганда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) багымдат намазынан салам бергенден соң айтуучу дуаларынан бири бул экен: “Аллохумма инний асъалука илман наафиъан ва ризкан ваасиъан ва амалан мутакоббалаа – Эй Аллаахымм! Албетте мен Сенден пайдалуу илим, кең ырыскы жана кабыл боло турган амал сураймын!”.

Дуада кол көтөрүү: Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) дуа кылса, албетте, колдорун көтөрүп дуа кылчу. Ал заттын дуа кылуусу сахих хадистерде ачык баян кылынган:

Анас (разияллоху анху) айткан, Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) дуа кылса, колтугунун актыгы көрүнүп турчу.

Сахл ибн Саъд (разияллоху анху) риваятында, Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) дуа кылса, колунун манжалары желкесинин тушуна барабар болчу.

Ас-Сайиб ибн Язиддин (разияллоху анху) айтуусуна караганда, Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) дуа кылса, колун көтөрөт эле, анан колдорун жүзүнө сүртчү.

Бул үч хадисти Имам Байхакий “Даъават ал-кабир” китебинде риваят кылган.

عَنْ عُمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ رَضِيَ اللهُ تَعَالَىٰ عَنْهُ قَالَ: كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا رَفَعَ يَدَيْهِ فِي الدُّعَاءِ لَمْ يَحُطَّهُمَا حَتَّىٰ يَمْسَحَ بِهِمَا وَجْهَهُ. رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ

Азирети Умардан (разияллоху анху) кылынган риваятта келген, качан Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) дуада колдорун көтөрсө аны жүзүнө сүртмөйүнчө түшүрбөйт эле. Муну Имам Термизий риваят кылган.

حَدَّثَنَا وَكِيعٌ ، عَنْ حَمَّادٍ ، عَنْ بِشْرِ بْنِ حَرْبٍ سَمِعْتُ ابْنَ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ يَقُولُ : » إِنَّ رَفْعَكُمْ أَيْدِيَكُمْ بِدْعَةٌ مَا زَادَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلَىٰ هٰذَا » يَعْنِي إِلَى الصَّدْرِ . رَوَاهُ أَحْمَدُ

Расуулуллаахтын (соллаллоху алайхи васаллам) дуада кол көтөрүүсүн жакшы билген Абдуллаах ибн Умар (разияллоху анху): “Дуада колдорун көкүрөктөн (садрдан) өйдө көтөрүү бидъат болот, себеби Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) дуа кылганда колдорун көкүрөктөн өйдө көтөргөн эмес”, деген. (Имам Ахмад риваяты).

Жадагалса Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) өзү дуада кол көтөрүүнү буюрган:

وَفِي رِوَايَةِ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللهِ صّلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ:  «سَلُوا اللهَ بِبُطُونِ أًكُفِّكُمْ وَلَا تَسْأَلُوهُ بِظُهُورِهَا ، فَإِذَا فَرَغْتُمْ فَامْسَحُوا بِهَا وُجُوهَكُمْ»  رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ 

Абдуллаах ибн Аббастан (разияллоху анху) риваят: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Аллаахтан алаканыңардын сырты менен эмес ичи менен сурагыла. Качан дуа кылып бүтсөңөр алаканыңарды жүзүңөргө сүрткүлө”, деп айтты”. (Имам Абу Давуд риваяты) 

Расуулуллаахтын (соллаллоху алайхи васаллам) дуаларда кол көтөрүүсүн башкаларга караганда жакшы билгендиктен Ибн Аббас (разияллоху анху) дуа кылуудагы абалын үчкө бөлүп, мындай кылып түшүнтүргөн:

عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ: اَلْمَسْأَلَةُ أَنْ تَرْفَعَ يَدَيْكَ حَذوَ مَنْكِبَيْكَ، أَوْ نَحْوَهُمَا، وَالْإِسْتِغْفَارُ أَنْ تُشِيرَ بِأُصْبُعٍ وَاحِدَةٍ، وَالْإِبْتِهَالُ أَنْ تَمُدَّ يَدَيْكَ جَمِيعًا. رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ

“Аллаахтан суроодо колуңду желкенин тушуна чейин көтөрүүң керек. Истигфар айтууда бир манжаң менен ишара кыласың. Ал эми жалбарууда болсо колуңду болушунча узатасың (жадагалса колтугуңдун агы көрүнсүн)” (Имам Абу Давуд риваяты).

Салмандан (разияллоху анху) кылынган риваятта болсо Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) бизди кубанткан, үммүттөндүргөн, дуада кол көтөрүүгө кызыктырган.

عَنْ سَلْمانِ الْفَارِسيِّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ: إنَّ ربَّكُمْ حَيِيٌّ كَرِيمٌ يَسْتَحْيِي مِنْ عَبْدِهِ أَنْ يَرْفَعَ إِلَيْهِ يَدَيْهِ فَيَرُدَّهُمَا صِفرًا أَوْ قَالَ خَائِبَتَيْنِ. رَوَاهُ ابْنُ مَاجَه

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): Чындыгында, Улуу Жаратуучуңар өтө уялчаак жана берешен. Пендеси ага колун көтөрүп дуба кылса, пендесинин көтөргөн колун бош кайтаруудан уялат”, деп   айткан. (Имам Ибну Маажа риваяты)

 “Халабийи кабийр”де айтылуусуна караганда, Имам Бухарий жана Имам Муслимдин сахих жыйнактарында Анас (разияллоху анху) аркылуу келген хадис бар:

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَا يَرْفَعُ يَدَيْهِ فِي شَيْءٍ مِنْ دُعَائِهِ إِلَّا فِي الْإِسْتِسْقَاءِ، وَإِنَّهُ يَرْفَعُ حَتَّىٰ يُرَىٰ بَيَاضُ إبْطَيْهِ. مُتَّفَقٌ عَلَيْهِ.

“Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) дуаларда колдорун истиска (жамгыр суроо) убагында гана көтөрөт эле. Ал зат колдорун колтугунун агы көрүнгөнгө чейин көтөрчү”.

 “Халабийи кабийр”де бул хадисти шарх кылып, бул колду узак убакыт көтөрүү аркылуу тазарруъ кылуунун  (дуага муктаждыгын көрсөтүп өзүн кор тутуу) жеткиликтүү болуусу үчүн болушунча колдорду созуп туруу, делинген. А бирок ал заттын башка учурларда да дуаларда колун көтөргөндүгү риваят кылынган.

Жогоруда өткөн хадистерден дуа кылганда кол көтөрүү биз үммөттөр үчүн пайдалуу бир сүннөт экендиги белгилүү болот. Демек, дуаларыбызда ихлас менен кол көтөрсөк, иншаа Аллаах колдорубуз куру кайтарылбайт!

Намаздан кийинки дуада кол көтөрүү: Кол көтөрүп дуа кылуу сахих хадистерде мутлак айтылган. Ал эми намаздан кийинки дуаларда кол көтөрүү хадистерде айтылганбы?

Ооба, албетте, хадистерде бар!

Бирок бул хадистердин санады заъийф. Заъийф хадистер болсо фазилет (артыкчылык) жаатында көңүлгө алынат. Бул жөнүндө Хиндистандын Ханафий аалымдары фатва беришкен. Алардын башында Ханафий фикхинин классикалык доорунун эң соңку өкүлү Мавлана Абдулхай Лакнавий турат.

Хафиз Абу Бакр Ахмад ибн Мухаммад ибн Исхак ас-Сана “Амал ул-йавм вал-лайла” китебинде Анас ибн Маликтен (разияллоху анху) риваят кылган. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп айткан:

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ قَالَ: مَا مِنْ عَبْدٍ يَبْسُطُ كَفَّيْهِ دُبْرَ كُلِّ صَلَاةٍ ثُمَّ يَقُولُ اللّٰهُمَّ إِلٰهِي وَإِلٰهَ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَإِلٰهَ جِبْرَائِيلَ وَمِيكَائِيلَ وَإِسْرَافِيلَ – عَلَيْهِمُ السَّلَامُ — أَسْأَلُكَ أَنْ تَسْتَجِيبَ دَعْوَتِي فَإنِّي مُضْطَرٌّ وَتَعْصِمَنِي فِي دِينِي فَإنِّي مُبْتَلًى وَتَنَالَنِي بِرَحْمَتِكَ فَإِنِّي مُذْنِبٌ وَتَنْفِيَ عَنِّيَ الْفَقْرَ فَإِنِّي مُتَمَسْكِنٌ إِلَّا كَانَ حَقًّا عَلَى اللهِ عَزَّ وَجَلَّ أَنْ لَا يَرُدَّ يَدَيْهِ خَائِبَتَيْنِ. أَخْرَجَهُ الْحَافِظُ أَبُو بَكْرٍ أَحْمَدُ بْنُ مُحَمَّدِ بْنِ إِسْحَاقِ السَّنَيٰ فِي كِتَابِهِ عَمَلُ الْيَوْمِ وَاللَّيْلَةِ

Кайсы бир пенде эки алаканын жайып, ар намаздын артынан мындай деп дуа кылса, “Эй Аллахым! Менин, Ибрахим, Исхак жана Яъкубтардын (алайхимус салам) илахы болгон Зат жана Жабраил, Микаил, Исрафил (алайхимус салам) периштелердин да илахы болгон Зат! Дуаларымды кабыл кылууңду сураймын. Анткени, мен арсармын. Мени динимде сактагын, анткени мен нафс жана шайтан балээсине дуушармын. Өз ырайымыңа жетиштир, анткени мен күнөөлүмүн. Менден жакырлыкты кетир, анткени мен ыңгайлуу жашоону каалаймын”, десе эки колун бош кайтарбоо Аллаах Таалага хак (милдет) болот”.

Мавлана Лакнавийдин (рахимахуллах) айтуусуна караганда, бул хадистин санадындагы бир равий жөнүндө “Мезан ул-эътидал” жана башка муътабар китептерде кеп-сөз кылынган. Бирок ошондой болсо да, заъийф хадис мустахабтыкты исбат (дайын) кылууга жетиштүү болот.

Дагы Мухаммад Алим Алинин айтуусуна караганда, мухаддистерден дагы бири  Ибн Мажа ал-Казвиний да риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай дейт:

عَنِ الْفَضْلِ بْنِ الْعَبَّاسِ قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : » الصَّلَاةُ مَثْنَى مَثْنَى تَشَهَّدُ فِي كُلِّ رَكْعَتَيْنِ ، وَتَضَرَّعُ (التَّذَلُّلُ وَالْمُبَالَغَةُ فِي السُّؤَالِ وَالرَّغْبَةِ) وَتَخَشَّعُ (تَذَلُّلٌ وَخَضَعٌ) ، وَتَمَسْكَنُ وَتُقْنِعُ يَدَيْكَ (رَفْعُهُمَا فِي الدُّعَاءِ وَالْمَسْأَلَةِ) » ، يَقُولُ : تَرْفَعُهُمَا إِلَى رَبِّكَ مُسْتَقْبِلًا بِبُطُونِهِمَا وَجْهِكَ ، وَتَقُولُ : يَا رَبِّ ، يَا رَبِّ فَمَنْ لَمْ يَفْعَلْ ذَلِكَ كَذَا وَكَذَا ، يَعْنِي خِدَاجٌ (النُّقْصَانُ). رَوَاهُ التِرْمِذِيُّ «. قَوْلُهُ تُقْنِعُ مِنْ بَابِ الْأَفْعَالِ أَىْ تَرْفَعُ يَدَيْكَ بَعْدَ الصَّلَوٰةِ وَقْتَ الدُّعَاءِ.

“)Кечки нафл( намаз эки-эки рекеттенАр бир эки рекетте ташаххуд окуйсуңӨзүңдү сураган нерсеңе муктаж абалда көрсөтүп, хушуъ-хузуъ менен олтурасың, колдоруңду (алаканыңдын) ички тарабын жүзүңө каратып көтөрөсүң да “Я Робб, Я Робб! (Мени магфират кыл)”, деп айтасың. Ким мындай кылбаса мындай-тигиндей болот — тагыраагы анын ибадаты кемчиликтүү болот», деп айтты». (Има” Термизий риваяты)

Бул хадистин ровийлеринен Абдуллаах ибн Нафиъ ибн ал-Амйаны хадис изилдөөчүлөр мажхул (белгисиз) деген. Белгисиздик хадистин мавзуъ – токума экендигин исбат кыла албайт, жөн гана анын заъийфтигин тастыктайт.

Саййид Шариф Хусайндын айтуусуна караганда, муну Абу Бакр Ибн Аби Шайба “ал-Мусаннаф” китебинде келтирген хадис да кубаттайт.  

وَ لِإِبْنِ أَبِي شَيْبَةَ عَنِ الْأَسْوَدِ بْنِ عَامِرٍ عَنْ أَبِيهِ قَالَ «صَلَّيْتُ مَعَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ الْفَجْرَ فَلَمَّا سَلَّمَ انْحَرَفَ وَ رَفَعَ يَدَيْهِ وَ دَعَا وَ لَهُ وَ رِجَالِهِ ثِقَاتٌ

Табиъийндерден ал-Асвад ал-Аамир атасынан риваят кылат: “Мен Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) менен бирге багымдат намазын окудум. Салам бергенден соң бурулупкайрылды да колдорун көтөрүп дуа кылды”.  

Заъийф хадистерге жогоруда айтканыбыздай, фазааˈили аъмаал жаатында амал кылынат. Мавлана Алий ал-кары дал ушул пикирде экендигин өзүнүн “Рисала фий фазл аш-Шаъбан” аттуу чыгармасында айтып кеткен. Атактуу “Тафсири Жалалайн”дын авторлорунун бири Имам Суютий болсо этияттык жаатынан заъийф хадистерге да амал кылынат, деп кесе айткан. Ошондой эле, Ибн ал-Хумам да “Фатх ул-кадийр”де жазат:

وَالِاسْتِحْبَابُ يَثْبُتُ بِالضَّعْفِ غَيْرِ الْمَوْضُوعِ

“Мустахаб заъийф хадис менен сабит болот, мавзуъ хадис менен эмес”.

Анткени, дуада кол көтөрүү сахих хадистерде келген. Намаздан кийинки дуаларда кол көтөрүү болсо заъийф хадистер менен болсо да исбат болду. Демек, ага амал кылуу этибарга ылайык. Бирок сүннөт экендигине  эътимад кылынбайт, балким, мустахаб, делинет.

Жамаат болуп аткаруу: Эми, кээ бирөөлөр араб жерлеринде көрүп келген иштерди – намаздан соң ар ким жогоруда өткөн амалдарды өзүнчө, эркин аткарып кете берсе болбойбу, деп да айтышат. Алардын пикирине көрө, ушундай кылуу адамдарга жеңил жана пайдалуу имиш. Эч андай эмес да…! Себеби, эгер ушундай болгондо Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) ушундай кылмак. Имам Бухарий Самура ибн Жундабдан (разияллоху анху) өзүнчө риваят кылган хадисте, Расуулулаах (соллаллоху алайхи васаллам) намаздан соң жүзүн коомго буруп олтурган.

Андан сырткары мына бул хадис да бар:

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَاِلكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: أنَّ النَّبيَّ صلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ حَضَّهُمْ عَلَى الصَّلَاةِ وَنَهاهُمْ أَنْ يَنْصَرِفُوا قَبْلَ انْصِرَافِهِ مِنَ الصَّلَاةِ . رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ

“Анас ибн Маликтен (разияллоху анху) риваят: Расуулу Акрам (соллаллоху алайхи васаллам) адамдарды намазга кызыктырат эле жана аларды өзү намаздан бурулмайынча бурулуудан тыйган”. (Абу Давуд риваяты).

Ушул хадиске көрө имам намаздан артка бурулмайын башкалардын бурулбастыгы, тагыраагы өтө зарыл болбосо чыгып кетпестиги айтылууда. Андыктан биздин журтубуздун эли эзелтен өз имамы менен бирге тасбихтерди, аяттарды окуп, биргеликте дуалар кылып, анан мечиттен чыгып кетишкен. Азырга чейин мына ушул адат сакталып келүүдө. Иш мына ушундай таризде уланып кете берүүсүн Умму Салама (разияллоху анха) энебиздин икаясынан да билип алсак болот.

عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا ، قَالَتْ : كَانَ رَسُولُ اللهِ ﷺ إِذَا سَلَّمَ قَامَ النِّسَاءُ حِينَ يَقْضِي تَسْلِيمَهُ ،وَيَمْكُثُ هُوَ فِي مَقَامِهِ يَسِيرًا قَبْلَ أَنْ يَقُومَ » .رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ

Анын айтуусунча, Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) доорунда аялдар мечитке намазга келгенде, намаз бүтүп салам берилгенден соң мечиттен чыгып кетишет эле, эркектер болсо Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) менен калып, каалаганча намаз (сүннөт намаздар) жана зикир-ибадаттарын окуп калышат эле. Качан Расуулуллаах (соллаллоху алайхи васаллам) турса, эркектер да туруп кетишет эле. Бул хадисти Имам Бухарий риваят кылган.

Негизинен, истиска (жамгыр суроо) жана кунутта дуа кылганда жамаат болуп дуа кылуу шариятта мутлак жааиз-уруксат болгон амал. Маалымат катары айта кетүү керек, биздин ханафий мазхабында кунутта атайын дуа окулат, башка мазхабтарда каалаган дуасын каалаганча окушат.

Имам Абу Давуд, Имам Термизий хасан иснад менен Савбандан (разияллоху анху) риваят кылган ҳадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп айтат:

عَنْ ثَوْبَانَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : ثَلَاثٌ لَا يَحِلُّ لِأَحَدٍ أَنْ يَفْعَلَهُنَّ: لَا يَؤُمُّ رَجُلٌ قَوْمًا فيَخُصُّ نَفْسَهُ بِالدُّعَاءِ دُونَهُمْ، فَإِنْ فَعَلَ فَقَدْ خَانَهُمْ، وَلَا يَنْظُرُ فِي قَعْرِ بَيْتٍ قَبْلَ أَنْ يَسْتَأْذِنَ، فَإِنْ فَعَلَ فَقَدْ دَخَلَ، وَلَا يُصَلِّي وَهُوَ حَقِنٌ حَتَّىٰ يَتَخَفَّفَ. رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ (رقم/90) وَالتِّرْمِذِيُّ (357) وَقَالَ حَدِيثُ ثَوْبَانَ حَدِيثٌ حَسَنٌ .

Үч иш бар, аларды кылуу эч кимге адал эмес: Бир киши коомго имамдык кылып, аларды коюп өзү үчүн гана дуа кылбасын. Эгер андай кылса, аларга кыянат кылган болот. Уруксат бербесе бирөөнүн үйүнүн ичине карабасын. Эгер андай кылса, аларга кыянат кылган болот. Даараты кыстап турганда жеңилдемейин намаз окубасын”.

Аллама Ибн Асир бул бир киши дуа кылганда башкалар “амийн” деп турруусу, деп айткан.

Жамаат болуп дуа кылууга Табараний жана Хаким сахих иснад менен Хабиб ибн Масламадан (разияллоху анху) кылган риваят да далил. Ал киши дуасы кабыл боло турган кишилерден болчу. Бир топ аскерге амир болуп казатка барды. Душманга бетме-бет келгенде ал киши:

وَيَسْتَدِلُّ لَهُ بِمَا رَوَاهُ الْحَاكِمُ وَقَالَ صَحِيحُ الْإِسْنَادِ- وَالطَّبَرَانِيُّ عَنْ حَبِيبِ بْنِ مَسْلَمَةَ الْفَهْرَيِّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ وَكَانَ مُجَابَ الدَّعْوَةِ أَنَّهُ أُمِّرَ عَلَىٰ جَيْشٍ فَدَرَّبَ الدُّرُوبَ، فَلَمَّا لَقِيَ الْعَدُوَّ قَالَ سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «لَا يَجْتَمِعُ مَلَأٌ فَيَدْعُو بَعْضُهُم، وَيُؤَمِّنُ الْبَعْضُ إِلَّا أَجَابَهُمُ اللهُ ثُمَّ إِنَّهُ حَمِدَ اللهَ فَأَثْنَىٰ عَلَيْهِ، ثُمَّ قَالَ: «اللَّهُمُ احْقِنْ دِمَاءَنَا، وَاجْعَلْ أُجُورَنَا أُجُورَ الشُّهَدَاءِ»، فَبَيْنَمَا هُمْ عَلَى ذَلِكَ إِذْ نَزَلَ الْهُنْبَاطُ أَمِيرُ الْعَدُوِّ، فَدَخَلَ عَلَى حَبِيبٍ سُرَادِقِهِ.

Пайгамбарыбыздын соллаллоху алайхи васаллам: “Бир коом бир жерге чогулса, анан алардан бирөөсү дуа кылып калгандары аамийн деп турса, албетте Аллаах таала алардын дуасын кабыл кылат”, деп айтканын укканмын, деди. Кийин ал Аллаахка мактоо айтып: “Аллаахым! Каныбызды сактагын. Ажр-соопторубузду шейиттердин сообундай кылгын!”, деп дуа кылып турганда душман тараптын амири Хунбат багынып, Хабибтин чатырына кирип келди (Хаким, 5/5478; Табараний, 4/3536.).

Имам ал-Бухутий “Кашф ул-киноъ” китебинде мына буларды жазып калтырган:  

قَالَ الْبُهُوتِيُّ (كَشْافُ الْقِنَاعِ 1/367): وَيَدْعُو الْإِمَامُ بَعْدَ فَجْرٍ وَعَصْرٍ لِحُضُورِ الْمَلَائِكَةِ فِيهِمَا فَيُؤَمِّنُونَ عَلَى الدُّعَاءِ فَيَكُونُ أَقْرَبَ لِلْإِجَابَةِ، وَكَذَا يَدْعُو بَعْدَ غَيْرِهِمَا مِنَ الصَّلَوَاتِ، لِأَنَّ مِنْ أَوْقَاتِ الْإِجَابَةِ أَدْبَارَ الْمَكْتُوبَاتِ. فَالدُّعَاءُ الْجَمَاعِيُّ مُسْتَحَبٌّ وَلَيْسَ بِبِدْعَةٍ، وَيَنْبَغِي أَلَّا يُحَافِظَ عَلَيْهِ مُحَافَظَتَهُ عَلَى السُّنَنِ، حَتَّىٰ لَا يَظُنَّ أَنَّهُ سُنَّةٌ، وَاللهُ أَعْلَمُ.

“Имам багымдат жана аср намазынан кийин ошол учурда периштелер хазир болуусу (келүүсү) ыктымалынан дуа кылат. Коом болсо (анын дуасына) “аамийн” деп турат. Ошондо ижабатка-кабылга жакын болот. Ошондой эле,  ал эки намаздан башка намаздардан кийин да дуа кылат. Анткени, фарз намаздан кийинки учур дуа кабыл боло турган убакыттардан болуп саналат. Жамаат менен чогуу дуа кылуу мустахаб, бидъат эмес.  Анан аны сүннөт деп күмөн кылып албаш керек. Туурасын Аллах Билүүчү!”

Биз ар күнү беш убакыт намаздын ар бир рекетинде окучу “Фаатиха” сүрөсүндө мындай делинген:

إِيَّاكَ نَعْبُدُ وَإِيَّاكَ نَسْتَعِينُ ﴿٥﴾

“Сага гана ибаадат кылабыз жана Сенден гана (дуа кылып) жардам сурайбыз” (“Фаатиха” сүрөсү, 5-аят)

Байкаган болсоңуз, ибаадат кылуу жана дуа кылууну көптүк түр менен айтып жатат.Маселен, “Сага гана ибаадат кыламын…” деп жекелик түрдө айтылган жок.Кээ бир аалымдар: “Мунун хикматы, ибаадат жана дуа жамаат менен кошо аткарылганда кабыл болуу кепилдиги бар”, деп айтышкан. Ошондой эле бул аяттан ала турган дагы бир хикмат, адегенде ибаадат, анан анын артынан дуба кылуу.

Демек, урматтуу окурман бир туугандар! Биздин темага байланыштуу болгон жогоруда айтылган аят, хадис жана аалымдардын сөздөрүнөн келтирилген далилдер жөн жерден айтылган эмес. Муну бизге Маварауннахр чөлкөмүнүн аллаамалары тартиптештирип берген.

Биздин ханафий мазхабынын өкүмдөрүнө ылайык эки рекет намаздын такбиру тахримадан баштап салам бергенге чейинки амалдарына көңүлүңүздөрдү бурмакчымын. Айтаарым, Абу Ханифа (рахимахуллах) эки рекет намаздын ар бир амалына, такбиру тахримада кол көтөрүү, колду байлап киндиктин астына коюуу жана башка бардык амалдарынын ар бирине өзүнчө бирден хадисти далил кылып алып келген. Демек биз окуп жүргөн эки рекет намазга ондогон хадистер далил катары келтирилген. Анын сыңарындай, биздин журтта адатка айланган намаздан кийинки амалдарыбызга да аалымдарыбыз бир канча аят жана хадистерди далил кылып, бүгүнкү күндө сиз менен биз кылып жаткан амал жүзөгө келип чыккан.

Себеби Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) өзү мындай кылууну жакшы экендигин мактап кеткен:

رَوَاهُ مُسْلِمٌ (1017) عَنْ جَرِيرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : مَنْ سَنَّ فِي الْإِسْلَامِ سُنَّةً حَسَنَةً فَعُمِلَ بِهَا بَعْدَهُ كُتِبَ لَهُ مِثْلُ أَجْرِ مَنْ عَمِلَ بِهَا ، وَلَا يَنْقُصُ مِنْ أُجُورِهِمْ شَيْءٌ . وَمَنْ سَنَّ فِي الْإِسْلَامِ سُنَّةً سَيِّئَةً فَعُمِلَ بِهَا بَعْدَهُ كُتِبَ عَلَيْهِ مِثْلُ وِزْرِ مَنْ عَمِلَ بِهَا ، وَلَا يَنْقُصُ مِنْ أَوْزَارِهِمْ شَيْءٌ .

Жарир ибн Абдуллаах (разияллоху анху) кылган риваятта: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Кимде ким Исламда жакшы сүннөт баштаса, ага өзүнүн сообу жана өзүнөн кийин ал сүннөттү улантуучулардын сообу берилет. Айрыкча, анын сообунан эч нерсе кемибейт. Кимде ким туура эмес сүннөт баштаса, ага өзүнүн күнөөсү, ошол эле учурда өзүнөн кийин ошол жол менен кеткендердин күнөөсү да берилет. Айрыкча, алардын күнөөлөрүнөн эч нерсе кемибейт”, деп айткан”. (Имам Муслим риваяты)

Байкаганыңыздай Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай иш-аракетти бидъат эмес жадагалса сүннөт, деп атап кетиптир. Анан кантип өзүнө ылайык далилдер менен негизделген амалды бидъатка чыгаруу мүмкүн.

يَقُولُ عَبْدُ اللهِ بْنُ مَسْعُودٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ:… مَا رَأَى الْمُسْلِمُونَ حَسَنًا؛ فَهُوَ عِنْدَ اللهِ حَسَنٌ…  أَخْرَجَهُ أَحْمَدُ (3600) وَاللَّفْظُ لَهُ، وَالطَّبَرَانِيُّ (9/118) (8582) إِسْنَادُهُ حَسَنٌ

Абдуллаах ибн Масъуд (разияллоху анху) айтат: “…Мусулмандар жакшы деп билген нерсе Аллаахтын астында жакшы деп саналат…”. (Имам Термизий жана Имам Табараний риваяты)

Демек эзелтен биздин ата-бабаларыбыз жакшы амал деп санап, аткарып келе жаткан амал Аллаахтын астында да жакшы деп саналган экен иншаа Аллаах.

Корутунду: Ошентип, корутундуда айта кетүү керек,бүгүнкү күндө жамаат болуп кылынып жаткан иштер: тасбихтер, Аятал курсийни окуу жана башка аяттардан тилават кылуу жана аягында жамаат менен дуа кылуу таптакыр бидъат эмес. Ал эң сүйкүмдүү мустахаб амалдарынын катарына кирет жана бул иштерди таштап коюу жакшы эмес. Себеби, сахабалар Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) менен бирге чогуу жасаган амал.

Кылымдар бою Үммөттүн үлкөн аалымдары, асл-негиз жана аруу мазхабтын ээрчүүчүлөрү бул амалдарды болушунча калтырбай амал кылып келишкен. Калтырышып койсо да кандайдыр бир үзүр себептүү болгон.

Макалада айтылгандар мустахаб амал болуп, кылса сооп, кылбаса күнөө жок. Аларды сүннөтү-муˈаккада (күчөйтүрүлгөн сүннөт) делинбейт албетте.

Аллах Таала баарыбызды туура жолдон адаштырбасын! Сооптуу иштерге, жакшы амалдарга кызыгуучулардан кылсын! Өткөн ата-бабаларыбыздын каадаларын сүйүп аткарууну баарыбызга насип кылсын!

(Макаланын соңу)

Даярдаган: Абибилла ажы КАДЫРБЕРДИЕВ, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү