Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Муфтият | 27.11.2025
  • |

НИКЕ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ — ЖАШООНУН БЕРЕКЕСИ

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен

1. Нике — бул Аллах Тааланын буйругу менен аял менен эркектин ыйык биримдиги. Ал сүйүүгө, урмат-сыйга жана жоопкерчиликке негизделет. Нике — махабаттын жана жоопкерчиликтин келишими. Нике — бул жөн гана эки жүрөктүн кошулуусу эмес, эки адамдын бир максатта жашоо чечими. Анда сүйүү, сабыр, кечирим жана урмат бар. 

Үй-бүлө — жашоонун негизи. Үй-бүлө — коомдун уюткусу, адамдын тынчтыгы жана бакубат жашоосунун башаты. Ар бир бакубат коом — ыйман, махабат жана өз ара урмат менен курулган үй-бүлөдөн башталат.

Куранда айтылат: “Алар менен тынчтыкта, сүйүүдө жана ырайымда жашашыңар үчүн, силерге өзүңөрдөн жубайлар жараттык” (Рум сүрөсү, 21-аят).

2.  Исламда нике төмөнкү шарттар аткарылганда жарактуу деп эсептелет:
- Келишим (ижаб жана кабул) — кыз менен жигиттин өз ыктыяры менен никеге -макулдугу; 
- Ата-эненин  уруксаты; 
-  Калыңдын (махрдын) болушу — күйөө тараптан келинге берилүүчү белек;
- Күбөлөрдүн катышуусу — эки акыл-эси жай, мусулман эркек күбө. 

3. Никенин негизги максаты Алла Тааланын ыраазылыгын каалап, анын элчисинин ﷺ жолун жолдоо, бири-бирине акыретке даярданууга көмөктөшүү, өзүн күнөө иштерден сактоо, арттарынын таалим-тарбиялуу урпакты калдыруу менен үммөттү көбөйтүү, тынчтык жана сүйүү менен жашоо. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Нике — менин сүннөтүм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз үйрүсө, менден эмес” (Бухари, Муслим). 

4. Үй-бүлөлүк баалуулуктар. Үй-бүлө бекем болсун десеңиз: Ыйманды бекем кармаңыз. Аллахтан коркуу — үй-бүлөнүн тиреги. Сүйлөшүү маданиятын үйрөнүңүз. Тынчтык менен сүйлөшкөн сөз — талаштан жакшы. Бир-бириңизди түшүнүүгө аракет кылыңыз. Ар кимдин күчтүү жана алсыз жактары болот. Ар бир никеде сынак болот. Кечирим — сүйүүнүн коргоосу. Сый — сүйүүнүн тили. Аял күйөөсүн урматтаса — үйдө жылуулук болот. Күйөө аялын бааласа — үйдө береке болот. Балдар ата-энесин урматтаса — Аллахтын ырайымы болот.

5. Үй-бүлөдөгү берекенин сырлары: Күн сайын Алла Таалага шүгүр айтуу. Ыйманды жана билимди көбөйтүү. Бирге дуба кылуу.  Түшүнүү аркылуу маселе чечүү. Кечирүүнү үйрөнүү.           

6. Жубайлардын бири-бирине болгон укуктары. 
 Эркектин милдеттери: Үй-бүлөсүн адал каражат менен багуу, жубайына жакшы мамиле кылуу үй-бүлөдө адилеттүү болуу.
 Аялдын милдеттери: Күйөөсүнө урмат жана колдоо көрсөтүү,  үй-бүлөлүк жашоону ынтымакта сактоо,өзүн таза сактоо,  балдарды адептүү тарбиялоо

7. Никеде береке болуш үчүн кеңештер: Ыйманды бекем кармоо,  кечиримдүү жана сабырдуу болуу, күн сайын жакшы сөз айтууга аракеттенүү, Пайгамбарыбыздын үй-бүлөлүк сүннөттөрүн аткаруу

8. Корутунду
Нике — бул сүйүү гана эмес, чоң жоопкерчилик. Алла Таала үчүн башталган нике Алла Тааланын берекеси менен бекем болот. Нике — бул сүйүүнүн мектеби, сабырдын сыноосу жана ырайымдын сыйлыгы. Бактылуу үй-бүлө — сүйүү менен курулуп, ыйман менен сакталат. Алла Таала Куранда айтат: “Эгер  алар жараштырууну каалашса, анда Алла Таала алардын ортосуна ынтымак салат. Акыйкатта,  Алла Таала  Билүүчү,  Кабардар!” (Ниса сүрөсү, 35-аят).

Калкты диний маалыматтар менен камсыздоо (фатва) бөлүмү

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)