«Бейиш – энелердин таманынын астында» (Насаи)
Муфтият | 14.03.2026
  • |

САДАКА-ФИТРДИ МЕЧИТ ИМАМДАРЫНА БЕРСЕ БОЛОБУ?

Бисмиллахир-Рахманир-Рахим

Аллахка мактоолор болсун. Ааламдардын Раббиси болгон Аллахка мактоо айтабыз, Анын ырайымын жана кечиримин тилейбиз. Жаман амалдарыбыздан жана напсибиздин жамандыгынан Аллахка сыйынабыз. Аллах кимди туура жолго салса, аны эч ким адаштыра албайт. Кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго сала албайт.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам)га, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана алардын жолун уланткандарга салават жана салам болсун.

1. Садака-фитрдин максаты

Урматтуу мусулмандар!

Ислам дини ибадат менен коомдук жоопкерчиликти бирге алып жүрөт. Ошондуктан Рамазан айынын соңунда садака-фитр берилет.

عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا، قَالَ: فَرَضَ رَسُولُ اللهِ ﷺ زَكَاةَ الْفِطْرِ طُهْرَة لِلصَّائِم مِن اللَّغْوِ وَالرَّفَثِ وَطُعْمَةً لِلْمَسَاكِينِ. أَخْرَجَهُ أَبُو دَاوُدَ (1609)، وَابْنُ مَاجَه (1827) بِاخْتِلَافٍ يَسِيرٍ

Абдуллах ибн Аббас (разияллоху анху) риваят кылат: "Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) орозо кармаган адамды куру сөздөн тазалоо жана жакырларды тойгузуу үчүн садака фитрди парз (важиб) кылды". (Абу Давуд жана Ибну Маажа риваяты)

Бул хадистен эки улуу максат көрүнөт: биринчиси — орозону тазалоо, экинчиси — жакырларды сүйүндүрүү.

2. Куранда зекеттин кимдерге берилери ачы айтылган.

Аллах Таала Тавба сүрөсүнүн: 60-аятында мындай дейт:

۞ إِنَّمَا ٱلصَّدَقَـٰتُ لِلۡفُقَرَاۤءِ وَٱلۡمَسَـٰكِینِ وَٱلۡعَـٰمِلِینَ عَلَیۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِی ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَـٰرِمِینَ وَفِی سَبِیلِ ٱللهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِیلِۖ فَرِیضَةً مِّنَ ٱلـلَّـهِۗ وَٱللهُ عَلِیمٌ حَكِیمٌ ﴿٦٠﴾

«Чындыгында зекет-садакалар тек гана кедейлерге, мискин-муктаждарга, зекет жыйноочу кызматкерлерге, (Исламга) имерүү (же динге душман болбошу үчүн) көңүлүн алуу көздөлгөн кишилерге, туткундар менен кулдарды эркиндикке чыгарууга, карызга баткандарга, Аллах жолунда жүргөндөргө жана жолдо калган мусапырларга тиешелүү. Аллахтын парз кылган өкүмү мына ушундай. Билүүчү да, Даанышман Аллах Өзү!».

Бул аятта Аллах Таала зекетти бөлүштүрүлө турган сегиз топту айтып өтөт. Алардын бири: «وَالْعَامِلِينَ عَلَيْهَا»

Башкача айтканда: зекетти жыйноо, каттоо, сактоо жана муктаждарга жеткирүү ишин жүргүзгөн кызматкерлер.

Бул нерсе исламда кайрымдуулук тартипсиз эмес, уюшкан система менен жүргүзүлгөнүн көрсөтөт.

Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам) зекетти адамдар өз алдынча тарата берсин дебестен, атайын кызматкерлерди дайындаган.

Сахих хадисте мындай делет:

عَنْ أَبِي حَمِيدٍ السَّاعِدِي قَالَ: اسْتَعْمَلَ رَسولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عليه وسلَّمَ رَجُلًا مِنَ الأسْدِ، يُقَالُ لَهُ: ابْنُ اللُّتْبِيَّةِ، قالَ عَمْرٌو وَابنُ أَبِي عُمَرَ:، علَى الصَّدَقَةِ ..." أَخْرَجَهُ الْبُخَارِيُّ (7174)، وَمُسْلِمٌ (1832).

Абу Хамид Ас-Саъидий (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) Бани Асд уруусунан болгон Ибну Ал-Латбия деген бир кишини зекет-садакаларды жыйноо үчүн кызматка дайындады...». (Имам Бухарий жана Муслим риваяты)

Ошондой кызматкерлерден дагы бири — Муъаз ибн Жабал.

قَالَ ابْنُ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا: لَمَّا بَعَثَ رَسُولُ اللهِ ﷺ مُعَاذَ بْنَ جَبَلٍ إِلَى الْيَمَنِ قَالَ: إِنَّكَ تَأْتِي قَوْمًا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ فَلْيَكُنْ أَوَّلَ مَا تَدْعُوهُمْ إِلَيْهِ شَهَادَةُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللَّهِ. فَإِنْ هُمْ أَطَاعُوا لِذَلِكَ فَأَعْلِمْهُمْ أَنَّ اللَّهَ افْتَرَضَ عَلَيْهِمْ خَمْسَ صَلَوَاتٍ فِي كُلِّ يَوْمٍ وَلَيْلَةٍ. فَإِنْ هُمْ أَطَاعُوا لِذَلِكَ فَأَعْلِمْهُمْ أَنَّ اللَّهَ افْتَرَضَ عَلَيْهِمْ صَدَقَةً فِي أَمْوَالِهِمْ تُؤْخَذُ مِنْ أَغْنِيَائِهِمْ فَتُرَدُّ عَلَى فُقَرَائِهِمْ. فَإِنْ هُمْ أَطَاعُوا لِذَلِكَ فَإِيَّاكَ وَكَرَائِمَ أَمْوَالِهِمْ وَاتَّقِ دَعْوَةَ الْمَظْلُومِ فَإِنَّهُ لَيْسَ بَيْنَهَا وَبَيْنَ اللَّهِ حِجَابٌ. رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ وَمُسْلِمٌ.

Ибну Аббас (разияллоху анхума) айтат: Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) Муъаз ибн Жабалды Йеменге жибергенде мындай деди: «Сен китеп ээлеринен болгон элге барасың. Аларды биринчи чакыра турган нерсең: «Аллахтан башка илах жок, Мухаммад Аллахтын элчиси» деген күбөлүк болсун. Эгер алар муну кабыл алса, аларга Аллах күн сайын беш маал намазды парз кылганын билдир. Эгер алар муну кабыл алса, аларга Аллах малдарынан зекетти парз кылганын билдир. Ал зекет байларынан алынып, жакырларына кайтарылат. Эгер алар муну кабыл алса, алардын эң жакшы малдарын алуудан сак бол жана зулумдукка кабылган адамдын дубасынан корк. Анткени анын дубасы менен Аллахтын (кабыл кылуусунун) ортосунда тосмо-парда жок». (Имам Бухарий жана Муслим риваяты)

Бул хадистин фыкхий мааниси. Хадистин текстинде: Ал зекет байларынан алынып, жакырларына кайтарылат» делген. Байлар түз эле жакырларга өздөрү берет делген жок.

3. Бул хадис зекет системасынын негизги принциптерин көрсөтөт:

1. Зекет — мамлекеттик система аркылуу алынган.

2. Ал байлардан жыйналат.

3. Жергиликтүү жакырларга берилет.

4. Зекет жыйноочу адилет болушу керек.

5. Малдын эң жакшысы алынбайт.

Ошондуктан факихтер бул хадисти:

• زكاة العاملين عليها

• بيت المال

• исламдык финансы маселелеринде негизги далил катары колдонушат.

4. Сахабалардын доорундагы мисал

Умар ибн Хаттаб (разияллохзу анху) халифалык кылган кезде да зекет мамлекет аркылуу жыйналган.

Ал атайын кызматкерлерди дайындап: зекет жыйнаткан, каттаткан жана муктаждарга бөлүштүргөн.

Бул ислам тарыхында социалдык адилеттиктин эң күчтүү системаларынын бири болгон.

5. Азыркы учурдагы система

Бүгүн биздин өлкөдө бул милдетти муфтияттын структурасы аткарат: мечит имамдары, райондук хатибияттар, облустук өкүлчүлүктөр жана муфтият.

Эл садака-фитрин мечит имамдарына берет.

Бул Курандагы «العاملين عليها» категориясына туура келет.

Жыйналган каражат төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт:

60% — ошол мечиттин өзүндө калып, айылдагы жакырларга берилет

15% — райондук хатибиятка

15% — облустук өкүлчүлүккө

10% — муфтиятка.

Рамазан айында чыныгы муктаж адамдар: муфтиятка, облустук өкүлчүлүктөргө жана райондук хатибияттарга келип каттоого турушат. Айттан кийин комиссия алардын муктаждыгына жараша жардам бөлүштүрөт.

6. Айрым адамдардын түшүнбөстүгү

Кээ бир адамдар мындай деп айтып жүрүшөт: «Фитрди имамга бербегиле. Андан көрө өзүңөрдүн жакын туугандарыңарга бергиле. Себеби алар (мечит имамдары) айт намазынан кийин таратышат. Натыйжада силердин садака-фитриңер өз убагында берилбегендей болуп калат».

Бул сөздүн артында жакшы ниет болушу мүмкүн, бирок фикхий жактан туура эмес түшүнүк бар.

Фыкх китептеринде мындай айтылган:

»إِذَا دَفَعَ الزَّكَاةَ إِلَى الْعَامِلِ بَرِئَتْ ذِمَّتُهُ«

«Эгер адам зекетти кызматкерге берсе, анын милдети аткарылган болуп эсептелет».

عَنْ أَنَسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ: أَنَّ رَجُلًا قَالَ لِرَسُولِ اللهِ ﷺ: إِذَا أَدَّيْتُ الزَّكَاةَ إِلَى رَسُولِكَ فَقَدْ بَرِئْتُ مِنْهَا إِلَى اللهِ وَرَسُولِهِ؟ فَقَالَ: نَعَمْ، إِذَا أَدَّيْتَهَا إِلَى رَسُولِي فَقَدْ بَرِئْتَ مِنْهَا إِلَى اللهِ وَرَسُولِهِ. وَلَكَ أَجْرُهَا، وَإِثْمُهَا عَلَى مَنْ بَدَّلَهَا. رَوَاهُ الْإِمَامُ أَحْمَدُ فِي مُسْنَدِهِ

Анас (разияллоху анху) риваят кылат: «Бир адам Аллахтын Элчисине (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деди: «Эгер мен зекетимди сиздин жиберген өкүлүңүзгө (амилиңизге) тапшырсам, анда мен Аллах менен Анын элчисинин алдында андан (зекеттен) кутулган боломбу?». Ал айтты: «Ооба. Эгер сен аны менин өкүлүмө тапшырсаң, анда сен Аллах менен Анын элчисинин алдында андан (зекеттен) кутулган болосуң. Анын сообу сага таандык болот. Ал эми аны өзгөртүп же туура эмес жумшаган адамга анын күнөөсү болот». (Имам Ахмад риваяты)

Ошондуктан факихтер мындай деп айтышат:

إذا دفع الزكاة إلى الإمام أو عامله برئ منها

«Зекет имамга же анын өкүлүнө берилсе, адам андан кутулат».

Бул хадистин практикалык колдонулушу

Фикх китептеринде бул хадис төмөнкү маселелерде далил катары колдонулат:

• زكاة العاملين عليها

• بيت المال

• мамлекеттик зекет системасы

• зекет жыйноочу амилдер

Башкача айтканда, зекетти расмий өкүлгө берүү — шариятта туура.

Башкача айтканда: сен фитриңди мечиттин имамына айтка чейин берсең сенин милдетиң аткарылган болот.

7. Уюшкан жардамдын улуу пайдасы

Эгер ар ким фитрин өзү гана бере берсе эмне болот?

Кээ бир жакырлар көп алат, кээ бир жакырлар эч нерсе албай калат.

Ал эми уюшкан система: бардык муктаждарды каттайт, адилет бөлүштүрөт, чоң жардамдарды уюштура алат.

8. Таасирдүү мисал

Бир адам айтты: «Мен фитримди имамга бербей, өзүмдүн муктаж тууганыма бердим».

Мен сурадым: «Канча бердиң?»

Ал айтты: «Үйдө 7 жан бар. Жан башына 60 сомдон — 420 сом».

Мен айттым: «Сен берген ошол 420 сом менен ал тууганың кандай муктаждыгын чечти? Ал акчага 1 кг эт да келбейт».

Эгер ошол 420 сомду сен мечитке бергенде: башка бирөө 500 сом берет, дагы биөө 600 сом берет, дагы бири 300 сом берет. Тама-тама көл болуп: бир жакыр адамдын боор алмаштыруу операциясына, же ошол операция жасатуу үчүн чет өлкөгө барчу жол киресине, же дагы башка чоң муктаждыгына жардам болуп калышы мүмкүн. Сен болсо 420 сом берип алып, чоң иш кылгандай мактанып жатасың.

9. Исламдагы коомдук жоопкерчилик

Эгер расмий дин башкармалык бул нерсени көзөмөлгө алып туура аткарылуусун колго албаса, зекет-садака чогултуучу топтор көбөйөт. Натыйжада башаламандык болот. Мына ошондо мусулмандардын зекети ордуна жетпей калуу коркунучу бар.

Аллах Таала Хашр сүрөсүнүн: 7- аятында мындай дейт:

... كَیۡ لَا یَكُونَ دُولَةَۢ بَیۡنَ ٱلۡأَغۡنِیَاۤءِ مِنكُمۡۚ ... ﴿٧﴾

«Байлык силердин араңардагы байлардын гана колунда айланып калбашы үчүн».

Башкача айтканда: Исламда байлык жабык топтун колунда гана топтолуп калбашы керек.

Тафсир аалымдарынын түшүндүрмөсү

Бул аятты классикалык муфассирлер төмөнкүдөй түшүндүрүшкөн.

Ибн Касир мындай дейт: "Бул аяттын максаты — байлык коомдун бардык катмарларына жетсин, ал эми байлар гана пайдаланып калбашы керек".

Имам Куртуби мындай дейт: Аллах бул аят менен экономикалык адилеттүүлүктүн принциптерин койгон.

Башкача айтканда: коомдун байлыгы, бир нече бай адамдардын же бир топтун, же элитанын колунда гана топтолуп калбашы керек.

Фахр ад-Дин ар-Рази аяттын максатын мындай түшүндүрөт: Аллах байлыкты айланып туруучу нерсе кылды. Эгер ал айланбаса: коом бузулат, жакырчылык көбөйөт жана адилетсиздик пайда болот.

Аяттын шарияттагы экономикалык принциби

Бул аят Ислам экономикасынын эң негизги мыйзамын көрсөтөт: байлык айланып турушу керек.

Ошондуктан Ислам төмөнкү системаларды киргизген:

1. Зекет

2. Садака (фитр садакасы, үшүр)

3. Вакф

4. Мурас системасы

5. Фай (олжо) жана ганийматты бөлүштүрүү

Булардын баарынын максаты бир: байлык коомдун бардык катмарларына жетиши керек

Бул аяттын зекет маселеси менен байланышы

Жогоруда биз келтирген хадистерде: Муъаз ибн Жабал, Ибн Лутбия жана зекет амилдери жөнүндө айтылган. Булардын баары бир эле принципке кызмат кылат.

Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) Муъазга мындай деген: «Зекет байларынан алынат, жакырларына кайтарылат».

Бул сөз Муъаз ибн Жабал хадисинде келген. Бул хадис — дал ушул аяттын практикалык ишке ашуусу.

Бул принцип эмнени билдирет? Исламда байлык: байлардын колунда гана топтолбойт. Ал: жакырларга өтөт, коомго кызмат кылат жана адилет бөлүштүрүлөт.

Ошондуктан зекет: жеке кайрымдуулук эмес. Ал коомдук экономикалык система.

Жогорку маселеге түз байланыш

Биз мурда көтөргөн маселе: зекет жыйноо, амилдер жана расмий өкүлдөр ушул аят менен түз байланыштуу. Себеби: эгер зекет жеке адамдардын колунда гана калса, анда байлык кайра эле байлардын ортосунда айланып калат. Ал эми: зекет мамлекеттик же уюшкан система аркылуу жыйналса анда: байлардан алынат, жакырларга жетет, натыйжада коом тең салмакта болот. Бул — дал ошол аяттагы максат.

Аяттан жыйынтык

Бул аят Исламдагы эң чоң социалдык мыйзамдардын бири: байлык айланып турушу керек. Ошондуктан: зекет, мамлекеттик казына, амилдер жана коомдук бөлүштүрүү баары ушул аяттын максатын ишке ашырат.

Башкача айтканда: Ислам байлык топтолгон коомду эмес, адилет бөлүштүрүлгөн коомду курууну көздөйт.

Демек ислам: байлыкты тең бөлүштүрүүнү, жакырларды коргоону жана коомдук адилеттикти көздөйт.

Корутунду

Урматтуу мусулмандар!

Садака фитрди: мечит имамдарына, муфтият структурасына берүү: Куранга ылайык, Пайгамбардын (соллаллоху алайхи ва саллам) сүннөтүнө ылайык, сахабалардын жолуна ылайык жана коом үчүн пайдалуу.

Аллах Таала биздин орозолорубузду кабыл кылсын.

Садакаларыбызды кабыл кылсын.

Жакырларды кубанткан пенделеринен кылсын.

Амин.

Даярдаган: Абибилла ажы Кадырбердиев