«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Муфтият | 11.05.2020
  • |

СПИД жана COVID менен ООРУГАН АДАМДЫН ОРОЗОСУ

Суроо: Вич оорусу менен ооруган адам орозону кантип кармайт, себеби, ал ар он эки саатта орозо кармап туруусу зарыл, антпесе, анын иммунитети алсыздап ар кандай ооруларга туруштук бере албайт?

Жооп:

-Эгерде Вич оорусу менен ооруган адам ар он эки саатта даары ичкендиктен орозо кармабаса анда ушул учурда орозо кармабаганга уруксат, ал эми кыш мезгилиндей күн кыскарып калганда каза орозолорду кармоосу керек.

Эскертүү: Кандай гана абал болбосун орозонун өзгөчөлүктөрүн билген даарыгер менен кеңешүү керек.  

-Эгерде ал таптакыр орозону кармай албаса же айыгып кетет деген тыянак болбосо анда ал фидья төлөшү керек. Ар бир каза болгон күнгө 1,6 кг буудай же анын наркын кембагалдарга берүү керек.

-Эгерде ал адам оорусунан айыгып кеткен болсо, анда ал фидья берген күндөрдүн орозосун кармоо керек. Ал эми фидья үчүн Алла Таала өзүнчө сооп берет.

-Рамазан айы үчүн фидьяны бир эле адамга берсе болот. Ошондой эле ар бир күн үчүн ар кайсы кембагалга берсе да уруксат.

Эскертүү: Жарандарга жеңилдик үчүн Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармасы өзүнүн сайтында фидьянын акчалай наркын жайгаштырган. Сиз ошол жактан көрүп алсаңыз болот.

Суроо: Рамазан айында коронавирус менен ооруган адам орозо кармоосу керекпи?

Жооп: Эгер коронавирус менен ооруган адам өтө оор формасында ооруп орозо кармаганга дарамети жетпесе, ошондой эле ал күндүзү маал-маалы менен даары ичиш керек болсо, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат. Бирок, качан айыкканда ал орозо кармоосу керек.

Эскертүү: Кандай гана абал болбосун оорукчан даарылаган даарыгер менен кеңешиши зарыл. Коронавирус менен ооругандар даарыгерлердин көзөмөлүндө себеби, бул оору изилдене элек.

Жооп берди: Татиков Рафаил

Текшерди: Эратов Равшан

Которгон: Бактияр Токтогазы уулу