Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Үлгүлүү эне кызын турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен: ”Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушуң керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз. Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уядан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көнүлүңдү алуу учун колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсе айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга жараша аракет кылсаң, күйөөң менен бактылуу өмүр сүрөсүң:
1. Сага тамак-аш жана кийим-кече, дегеле эмне алып келсе алып келсин, бардыгын сүйүнүү менен кабыл алышың керек.
2. Ал айткан нерселерди аткар, тыюу салып «жасаба» деген нерселерди жасаба. Сөзүн угуп, ага баш ийишиң керек.
3. Үйүн жакшы карап, өзүңдү тыкан, таза алып жүр.
4. Бир караганда же болбосо жыттаганда көңүлдү айныткан нерселерден алыс бол. Себеби, алар күйөөңдү жийиркентип сенден көңүлүнүн суушуна алып келет.
5. Уктачу, тамактанчу убактыларын жакшы билип жүр. Тактап айтканда, буларды кайсы убакта кылууну адатка айландырып алса, дал ошол убакта тамагын даярдап, төшөгүн салып коюшуң керек. Себеби ачкалык адамды кыжырлантса, уйкусуздук каардантат.
6. Эч качан күйөөң кайгырып турганда, сен ал жерде жайдары турба. Ошондой эле анын көңүлү куунак учурда, сен кайгылуу болуп турба!
7. Күйөөңдүн мүлкүн көзүңдүн карегиндей сакта, ысырап кылба.
8. Күйөөңдүн кадырына шек келтирбе, тууган-туушкандарынын айтканынан чыкпа.
9. Эч качан ага каршы чыгып, каяша айтпа.
10. Сырын эч кимге айтпа. Эгер айткандарына каршы чыксаң, сага өчөшүп калат, сырын айтып койсоң, анда анын терс мамилесине дуушар болушуң толук ыктымал.
Кызым, эсине бекем түйүп ал! Бул үлгүлүү эненин бекем үй-бүлө куруунун маанилүү эрежелери. Ошондуктан бабаларыбыз улам кийинки муундарды тарбиялоодо бул эрежелерди эске алган.
Даярдаган: Баткен казыятынын басма сөз кызматы
Башкы беттеги сүрөт: интернеттен