«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Үч нерсени абайлап колдонолу:
— кадамды
— калемды
— касамды (антты)
Үч нерсени таза туталы:
— денени
— кийимди
— кыялды
Үч нерсени иштетели:
— акылды
— сабырды
— жоомарттыкты
Үч нерседен сактаналы:
— күнөөдөн
— өкүнүүдөн
— чычалоодон
Үч нерсени булгабайлы:
— жүрөктү
— тилди
— көздү
Бирок үчөөнү эч качан унутпайлы:
— Аллахты
— өлүмдү
— ыймандуу досту!