Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Мамлекет үч багытта жарандарга ипотекага үй берет.
1. Социалдык 4% (көп балалуу 5+, жалгыз бой энелерге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ж.б) баштапкы төлөмсүз 25жылга берилет.
2. Жеңилдетилген 4% (мугалимдер, дарыгерлер ж.б. бюджеттик чөйрөгө) баштапкы төлөмсүз 25 жылга берилет.
3. Арзан 8% (каалаган жаран ала алат) баштапкы төлөм үйдүн баасынан 20%, калган сумманы 25 жылга бөлүп төлөөгө берилет.
Жогоруда айтылган ипотеканын баары эки шарт менен кредиттик каржылоо же аягында сатып алуу мүмкүнчүлүк менен ижарага берилет:
1-жеке мүлкүндө турак жайы жок болуу керек.
2-акыркы үч жылдын ичинде турак жай алып сатуусу катталбаш керек.
Шарияттын өкүмү – зарылчылык (зарурат) болгон учурда адаттагы мам.ипотека аркылуу үй алуу уруксат берилет.
P.s.: Ушул эле ипотеканы эгерде ислам принциптери боюнча алчу болсо – толугу менен адал болот.
Жооп берген: Эмиль ажы Андартегин, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү