«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Жолдошбек ажы Абдылдаев
Азирети Муфтийдин орун басары

Абдылдаев Жолдошбек Муканович 1982-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. 1989-жылы Дөң-Алыш айылындагы орто мектепке кабыл алынып, 1999-жылы аяктаган.

Билими:

2000-ж. Чүй облусунун Чүй районундагы Искыра айылындагы ПЛ-61 (профессионалдык лицей) лицейде фермердик чарбасынын бир жылдыгын бүткөн.

2001-2003-ж.ж. Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ислам университетинин эки жылдыгынын шарият факультетинде окуган.

Ал эми 2003-2008-ж.ж. ошол эле университетте 5 жылдык жогорку диний билим алган.

2013-2017-ж.ж. И. Арабаев атындагы КМУнун теология факультетин аяктаган.

Ал эми 2019-2021- ж.ж. ошол эле окуу жайдын телогия факультетинде магистратурасын жактаган.

Эмгек тажрыйбасы:

2009-2011-ж.ж. ККФ «В.А.М.» демилгеси менен Чүй районуна караштуу Мыкан айылындагы мечитте сабак берип, жума намазын алып барган.

2011-2016-ж.ж. КМДБнын Даават бөлүмүнүн адиси кызматын аркалаган.

Ушул эле жылдар аралыгында КМДБ тарабынан уюштурулган диний үгүт-насаатчылардын билим деңгээлин көтөрүүгө багытталган окуу курсунунун окутуучусу болгон.

2016-жылдан ушул күнгө чейин КМДБнын Ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Үй-бүлөлүү; 3 уул, 2 кыздын атасы.