Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 25.07.2025
  • |

Адилет Самат уулу Түп районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Ысык-Көл облустук казыяттын кызматкери болуп эмгектенип келген Адилет Самат уулу Түп районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Бакыт ажы Кайкиев кол койду.

Самат уулу тууралуу:

Адилет Самат уулу 1993-жылы 15-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. Ал 2000-жылы Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы Ж.Аманбаев атындагы орто мектепке кабыл алынып, 2011-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Кыргызстан Ислам университетине тапшырып, 2016-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.
Диний кызматын 2016-жылы Каракол шаарындагы «Яхья Умар аль-Филали» борбордук мечитинде баштап, 2023-жылга чейин ошол жерде имам болуп эмгектенген. Ошондой эле 2016-2018-жылдары Каракол медресесинде мугалим катары сабак берген.

2023-жылдан бери Ысык-Көл облустук мусулмандарынын казыятында ар кыл кызматтарды аркалап, дин кызматында тынымсыз эмгектенип келген.

Адилет Самат уулу– үй-бүлөлүү, тажрыйбалуу, билимдүү жана ибадаттуу инсан катары жергиликтүү калк арасында сый-урматка ээ. Анын Түп районуна баш имам-хатиб болуп дайындалышы менен аймактагы диний маданияттын өнүгүшүнө зор таасир тийгизерине казыят ишеним артат.