Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 19.03.2025
  • |

Аксы: 200 балага кийим-кече, 60 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Аксы районунун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыковдун демилгеси менен Кербен шаарындагы аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө күнүмдүк тамак ашка керектелүүчү азык-түлүк, 198 балага кийим-кечелер таратылып берилди.

Райондун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков жергиликтүү ишкерлердин жардамы менен жалпы 240 миң сомдук жардам берилгендигин айтып, демөөрчүлөр менен тизмени тактоодо жардам берген имамдарга өз ыраазычылыгын билдирди.