Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагында имамдардын катышуусунда билим берүү жана достук маанайындагы жолугушуу болуп өттү. Райондун баш имам-хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев жергиликтүү дин кызматкерлерине "Муктасар аль-Викоя" китеби боюнча сабак өтүп, диний билимди тереңдетүүнүн мааниси боюнча лекция окуду.
Ошондой эле, ал имамдарга мечиттердин тазалыгын камсыз кылуу, беш маал намазды убагында өткөрүү, шам намазынан кийин баяндарды үзгүлтүксүз жүргүзүү сыяктуу талаптарды койду. Бул талаптар жамааттын тарбиясы жана мечит ишмердигинин сапаты үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.
Жолугушууда Шумкарбек ажы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан дин кызматкерлерине түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берип, билимди арттырууга багытталган аракеттердин жүрүшү тууралуу да айтып өттү.
«Ар бир берилген китеп – жоопкерчилик. Аларды текчеге коюп койбой, окуп, иш жүзүндө колдонуу – мезгил талабы. Имам дайыма изденүүдө болушу керек», – деди ал.
Жолугушуунун расмий бөлүгү аяктагандан кийин, имамдар достук мамилени чыңдоо максатында футбол боюнча мелдеш өткөрүштү. Спорттук таймаш ынтымакты, биримдикти жана жакшы маанай тартуулады.
Бул сыяктуу жолугушуулар аймактарда ыйман кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле өз ара тажрыйба алмашууга өбөлгө болууда.