Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 29.09.2025
  • |

Алайда имамдарга салттуу ислам түшүнүгү аттуу эки күндүк окутуу өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков райондогу жалпы имамдар үчүн хатибият тарабынан эки күндүк окутуу өткөрүлгөндүгүн билдирди. Аталган окутууга келген имамдарга Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Андартегин лекция өтүп, Аалымдар Кеңеши тарабынан даярдалган "Салттуу ислам түшүнүгү" аттуу китептин негизинде семинар өтүлдү. 

Жалпысынан 80 имам жана жергиликтүү тургундардан каалоочулар катышты. Катышуучулар эки күн ичинде демөөрчүлөрдүн колдоосу менен тамак-аш менен камсыз кылынды. 

Сабактын жыйынтыгында ар бир имамга катышкандыгын тастыктаган сертификат тапшырылды. 

"Имамдарыбыздын билим деңгээлин жогорулатуу максатында окутууларды уюштуруп келүүдөбүз. Ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жаткан демөөрчү ага-эжелерибизге ыраазычылык билдиребиз", – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.

Ошондой эле, сабактын жүрүшүндө Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Мухаммадсали ажы Рахмидиновдун катышуусунда мавлид өткөрүлдү.