Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов райондук хатибияттын демилгеси менен Куран жарышы өткөрүлгөндүгүн билдирди.
Жарыш Курандан 30 пара, 10 пара жана акыркы 3 парасын жатка айтуу боюнча болуп, аталган 3 категория боюнча жеңүүчүлөргө умра сапарына жолдомо берилди.
«Куранды толук жаттаган жана 10 пара жаттагандар арасында өткөрүлгөн мелдештен 1-орунду ээлеген карыларга умра сапарына жолдомо берилди. Ал эми Курандын акыркы 3 парасы боюнча өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүсүнө умра сапарына баруу үчүн 50% арзандатуу сертификаты тапшырылды. Ошондой эле, калган жеңүүчүлөргө менен катышуучуларга кызыктуучу белектер тапшырылды. Биз уюштурган демилгени колдоп, «Фажр Травел» умра фирмасы демөөрчүлүк кылышты. Аллахым ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Умарали ажы Муратов.