Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Албетте, Аллах Таала силерден бирөөнүн Ага такыбалык менен кылган амалдарын жакшы көрөт” (хадис)
Талас облусуна караштуу Талас районунун Арашан айылынын имамы Таалай Алыбаев элет элине кылган үзүрлүү кызматы, дин тармагындагы талыкпаган эмгеги жана айылдын коомдук иштерине активдүү катышып келгендиги үчүн Талас районунун “Ардактуу атуулу” наамына татыды.
Ошондой эле, элдин терең ыраазычылыгынын белгиси катары Lexus үлгүсүндөгү унаа жана умра ибадатына сертификат кошо ыйгарылды.
«Бул – элибиздин имамга болгон урмат-сыйынын жана ишениминин ачык далили. Бул сыйлык – Таалай имамдын жылдар бою эл менен тыгыз иштешип, жаштарды адеп-ахлакка, ыйманга чакырып, коомдун ынтымагын бекемдөөгө кошкон салымынын жыйынтыгы болуп саналат. Аллах Таала Таалай имамдын кылган кызматтарын кабыл кылып, өмүрүнө береке, иштерине ийгилик берсин», – деп билдиришти муфтияттын аймактагы өкүлчүлүгүнөн.