«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз»
(Нахл сүрөсү, 97-аят)
Аймактар | 26.03.2026
  • |

“Азирети Айша эне” окуу борборунда жаңы компьютердик класс ачылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан “Азирети Айша эне” диний окуу борборунун материалдык-техникалык базасы кеңейип, окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Тактап айтканда, 25-март күнү окуу борбордо заманбап компьютердик класс ачылып, пайдаланууга берилди.

Жаңы класска бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген 8 даана компьютер орнотулуп, алар атайын керектүү эмеректер — стол, отургучтар жана башка жабдуулар менен толук камсыздалды. Бул долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 112 миң сом каражат жумшалган.

Окуу борбордун жетекчилигинин маалыматына ылайык, бул демилге студеттердин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. Эми алар диний билим менен гана чектелбестен, маалыматтык технологияларды да өздөштүрүп, компьютердик сабаттуулугун арттырууга мүмкүнчүлүк алышат.

“Азирети Айша эне” окуу борборунда бүгүнкү күндө 8 мугалим эмгектенет жана 103 студент диний билим алууда.