«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Аймактар | 25.02.2026
  • |

Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Кызыл-Кыя шаарындагы имамдарга кеңейтилген жыйын өткөрдү

Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамдияр уулу Кызыл-Кыя шаарынын имамдары менен кеңири форматтагы жыйын өткөрдү. Жыйынга шаар аймагындагы мечиттердин имамдары катышып, диний тармактагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун негизги темаларынын бири ыйык Рамазан айын жогорку деңгээлде өөткөрүү болду. Диний өкүл Рамазан айында мечиттерде тартипти сактоо, таравих намаздарын уюшкандыкта өткөрүү, калкка туура диний маалымат жеткирүү жана кайрымдуулук иштерин координациялоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле орозо айында коомдук коопсуздукка көңүл буруу, ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө жана ынтымакты бекемдөө маселелери айтылды.

Мындан тышкары жыйында Коргоо кеңешинин «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты» тууралуу чечимин ишке ашыруу багытындагы милдеттер каралды. Имамдардын матуриди акыйдасын кармануу менен ханафи мазхабын бекемдөө, салттуу ислам баалуулуктарын туура түшүндүрүү жана ар кандай жат агымдардын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгы баса белгиленди.

Ошондой эле эл арасында ынтымакты чыңдоо, жаштар менен иш алып баруу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талдоого алынды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуу, коомдук туруктуулукту сактоо максатындагы биргелешкен аракеттер да жыйындын күн тартибинде болду.

Мечиттерди кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берилип, тиешелүү документтерди өз убагында тактоо зарылдыгы айтылды.

Жыйындын соңунда имамдар өз сунуш-пикирлерин ортого салышып, көтөрүлгөн маселелер боюнча активдүү иш алып баруу жана белгиленген тапшырмаларды так аткаруу зарылдыгы баса белгиленди. Муратали кары мындан ары да имамдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу уланарын билдирди.