Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 30.09.2025
  • |

Бакай-Атада мавлид иш-чарасы уюштурулду

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) урматына арналган мавлид өткөрүлдү. Бул иш-чарага Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Кенжетай ажы Курманкожоев жана Мирзат ажы Барпыбеков, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын мечиттер, курулуш-чарба жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Нуркамал кары Мизираимов, Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, ошондой эле имамдар, айыл тургундары жана облустун ар кайсы аймактарынан келген коноктор катышып, пайгамбарыбызга болгон сүйүүнү жана урматты даңазалашты. 

Мавлидди Нуркамал кары Куран окуу менен ачып берсе, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев сөз сүйлөп, пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) өмүр жолу, инсандык асыл сапаттары жана мусулмандар үчүн калтырган түбөлүктүү мурастары тууралуу кеңири баяндап берди. 

Андан соң Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Кенжетай ажы Курманкожоев жана Мирзат ажы Барпыбеков пайгамбарыбыздын үммөтү үчүн көрсөткөн мээримдүүлүгү, акыйкаттуулугу жана ыймандуулукка үндөгөн баяндар тууралуу насааттарын айтышты. Ошондой эле элди биримдикке, ынтымакка жана ислам динин туура түшүнүүгө чакырышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө, пайгамбарыбызды эскерген угуучулардын жүрөктөрүнө руханий кубат тартууланды. Катышкан коноктордун баары мындай мавлиддик жыйындардын коомго тийгизген пайдалуулугун белгилеп, ыйманды бекемдөөдө чоң өбөлгө болорун айтышты. 

Жыйын соңунда катышуучулар Пайгамбарыбыз Мухаммедге (с.а.в.) салават айтып, жамааттык дуба кылып, өлкөгө тынчтык жана эл биримдиги үчүн дуба-тилек кылышты.