Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Бакыт ажы Кайкиев Жети-Өгүз районуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кызыл-Суу айылында жайгашкан райондук хатибияттан кабар алды.
Сапардын жүрүшүндө облус казысы райондогу мечиттердин саны, имамдары, мечиттердин иш кагаздарынын абалы жана айрыкча каттоо иштеринин жүрүшү боюнча маалымат алып, документтердин даярдыгын кылдат текшерди. Ошондой эле айрым орун алып жаткан тоскоолдуктарды угуп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Жети-Өгүз районунун баш имам-хатибинин орун басары Максатбек ажы Байтиков хатибияттын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, мечиттерди каттоо маселесине кеңири токтолду.
Облус казысынын бул сапары райондогу диний мекемелердин ишин жакшыртууга жана документтик иштерди ырааттуу жүргүзүүгө багытталганын казыяттан белгилешти.