Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Балыкчы шаарындагы “Аль-Амин” мечитинде Ысык-Көл облусунун имамдары үчүн мурабаха жана МБанк исламдык терезеси боюнча түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү. Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын буйругунун негизинде уюштурулуп, ислам каржы принциптери боюнча маалымдуулукту жогорулатууну максат кылды.
Жыйынга Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев жетекчилик кылып, иш-чараны ачып берди. Андан соң МБанктын адистери имамдарга мурабаха түшүнүгү боюнча кеңири маалымат беришти. Алар мурабаханын шариятка ылайык экендигин, кандай фикх аалымдарынын эмгектерине негизделгенин, анын адал жол экенин жана ислам финансы принциптерине кайсы багыттарда жооп берерин кеңири түшүндүрүштү.
Имамдар бул жыйындан исламдагы финансылык келишимдер тууралуу практикалык жана теориялык маалыматтарга ээ болушуп, жамааттарга туура маалымат жеткирүүдө маанилүү билимге ээ болушту.
Мындай иш-чаралар имамдардын диний гана эмес, каржылык сабаттуулугун да арттырып, элге туура түшүндүрмө берүүдө чоң салым болуп калары күтүлүүдө.