Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 30.09.2025
  • |

Балыкчыда тасаввуф илими боюнча семинар өткөрүлдү

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаардык хатибиятынын алдындагы «Ак-Ниет Нуру» окуу борборунда бир айлык тасаввуф семинары жыйынтыкталып, ага катышкан 19 аял ийгиликтүү аяктап, сертификаттарын алышты. Сертификаттарды окуу борборунун жетекчиси Тилек ажы Зарылбеков тапшырды. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов маалымдады.

Сабак учурунда эже-карындаштарга «Тасаввуф деген эмне?», «Момундун жашоосунда анын зарылдыгы кандай?», «Бул илимдин далилдери кайсылар?» сыяктуу суроолор боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилип, зарыл суроолорго жооптор айтылды.

Өз кезегинде Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев мындай деди: «Тасаввуф илими — эң зарыл илимдердин бири. Бул илим адеп-ахлакка тарбиялап, Жараткан менен маклукаттын ортосундагы мамилени үйрөтөт. Жан дүйнө жабыркап, ыйман шербетине сусаганда ушул илим багыт берип, дем берет. Кыргызстанда бул илим жанданып жатканына кубанычтабыз».