Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 14-августта Баткен шаарынын борбордук мечитте жаш жубайга нике кыюу аземи өттү. Бул маарекеге облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят жамааты жана дин кызматкерлери катышты.
Жаш жубайлардын шарият жолу менен никелери кыйылып, белектер берилди.
Аталган иш чара КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, жергиликтүү бийлик органдары жана “Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулууда.
Алдыда үйлөнүү үлпөт той жана маданий иш-чаралар уланат.
Баткен облусунун аймагынан тандалып алынган 25 жаш жубайдын тоюна жергиликтүү жетекчилер, демөөрчүлөр жана алардын жакындары катышып, куттуктоолор менен белектер жана сертификаттар тапшырылат.
Иш-чаранын максаты-үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, жаштардын келечегине дем берип, коомчулукту бир максатка бириктирүү, кайрымдуулук маданиятын жайылтуу жана социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.