Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 29.09.2025
  • |

Баткен: Дин кызматкерлери ортосунда спорттук мелдеш өттү

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында облус аралык дин кызматкерлеринин кварталдык спорттук мелдеши болуп өттү. 

Иш-чарага Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Нурсултан Абдукаров, райондордон жана шаарлардан келген имам-хатибдер, ошондой эле шаар мэри Болот Абдыжапаров, 2051-“Бөрү” отрядынын командири Улукбек Жоошбековдор конок катары катышты.  

Мелдештин алкагында футбол жана аркан тартыш боюнча оюндар өткөрүлүп, жыйынтыгында төмөнкүдөй жеңүүчүлөр аныкталды:

Футбол боюнча:
       1-орун – Кызыл-Кыя шаары;
       2-орун – Лейлек району;
       3-орун – «Муьаз ибн» Жабал медресеси. 

Аркан тартыш боюнча:
       1-орун – Сүлүктү шаары;
       2-орун – Лейлек району;
       3-орун – Баткен медресеси.

Мелдеш Президенттин “Инсандын руханий адеп ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө жарлыгына ылайык, өз ара ынтымакты бекемдөөгө, дин кызматкерлеринин достук байланышын чыңдоого жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу багытында райондор арасында кезек менен квартал сайын, казынын орун басары Муса ажы Жолдошовдун уюштуруучулугунда өткөрүлүп келет. Кийинки спорттук мелдешти Кадамжай райондук хатибияты өткөрөт.