Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кечээ, 7-июлда Баткен шаарында Баткен облустук мусулмандарынын казыяты диний мекемелердин 6 айлык ишмердүүлүгүнө арналган отчёттук жыйын болуп өттү. Иш-чарага райондук жана шаардык хатибияттардын баш имам-хатибдери, ошондой эле облустагы диний окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.
Отчёттук жыйындын негизги максаты — 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында облустагы район жана шаардык хатибияттар тарабынан аткарылган иштерди талдоо, кемчиликтерди аныктап, келечектеги иш-аракеттерди туура пландап чыгуу болду.
Жыйындын жүрүшүндө ар бир хатибият өкүлү өзүнүн аймагында 6 ай ичинде аткарылган буйруктар, КМДБдан берилген тапшырмалар, өткөрүлгөн иш-чаралар, жамааттар менен жүргүзүлгөн ишмердүүлүк жана коомчулук менен байланыш багытындагы аракеттер боюнча кенен маалымат берди. Айрым хатибияттар мечиттердин абалын жакшыртуу, дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу, жаштар менен иштөө жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жетишкендиктерин белгилешти.
Жыйындын жүрүшүндө Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров ар бир отчётко өзүнчө токтолуп, КМДБ тарабынан берилген талаптардын жана тапшырмалардын канчалык деңгээлде аткарылганын суроо-жооп формасында тактап чыкты. Ал хатибияттардын жасаган иштерине баа берип, мындан аркы ишмердүүлүктө дагы уюшкандыкта, жоопкерчилик менен иш алып барууга чакырды.
Ошондой эле жыйында облустагы диний окуу жайлардын да отчёттору угулуп, билим берүү багытында кандай иштер жасалганы, кандай тоскоолдуктар жаралгандыгы боюнча маалыматтар берилди. Облус казысы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, окутуунун сапатын көтөрүү жана заманбап диний билим берүүнү өнүктүрүү багытында сунуш-пикирлерин билдирди.
Жыйын соңунда жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, экинчи жарым жылдыкта аткарыла турган иштер, иш-чаралар жана ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасын кенен жайылтуу боюнча пландар талкууланды. Бардык хатибияттарга жана окуу жайларга тиешелүү тапшырмалар жүктөлдү.
Бул жыйын — Баткен облусундагы диний мекемелердин ырааттуу жана максаттуу иш алып барып жаткандыгынын далили болуп, коомдогу тынчтыкты, ынтымакты жана диний сабаттуулукту камсыз кылууда маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.