«Силердин эң жакшыларыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандарыңар» (Тирмизи)
Аймактар | 12.02.2026
  • |

Баткен облусунда баш имам-хатибдерге багытталган жыйын өткөрүлдү

КМДБнын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндө Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулунун жетекчилиги астында район жана шаарлардын баш имам-хатибдеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, КМДБнын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жана район-шаарлардын баш имам-хатибдери катышты.

Жыйындын күн тартибинде Рамазан айына карата даярдык иштерин күчөтүү, 2026-жылга карата иш-планды талкуулоо жана бекитүү, мечит-медреселердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, коомдогу зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүү жана иш кагаздарын тартипке келтирүү маселелери каралды.

Ошондой эле жыйында диний мекемелердин ишин уюштурууда тартипти бекем сактоо, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана эл арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча тиешелүү сунуштар айтылып, тапшырмалар берилди.