Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата Баткен облусунун аймагында КМДБнын Баткен облусундагы өкүлүнүн м.а. Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасы менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоого багытталган иш чара болуп өттү.
Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык хатибияттары, ошондой эле Лейлек райондук хатибияты өз аймактарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бир катар жарандарга барып, алардын абалынан кабар алышып, азык-түлүк жана керектүү белектерди тапшырышты. Кызыл-Кыя шаардык хатибияты өзгөчө муктаждыктагы бир жарандын кыймылын жеңилдетүү үчүн майыптар арабасын белек кылышты. Бул аймактагы дин кызматкерлери зыярат учурунда жарандардын жашоо-шартын жеринен көрүп, алардын тилектерин жана муктаждыктарын угуп, мүмкүн болушунча жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Ал эми Лейлек райондук хатибияты мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды гана эмес, коомго эмгеги сиңген аксакал ардагер имамдарды да зыяраттап, урмат-сый көрсөтүп, белектерин тапшырды.
Облус боюнча өткөрүлгөн бул социалдык саамалыкка жалпы 61 миң сом каражат жумшалып, анын бардыгы жардам алуу зарыл болгон жарандардын жана ардагер имамдардын керектөөлөрүнө багытталды.
Дин кызматкерлери бул сыяктуу кайрымдуулук иш-чаралары дагы уланат, майыптыгы бар жарандар ар дайым коомдун колдоосун сезүүгө тийиш экенин белгилешет.