Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында жашоочу Имарбек Ражаповдун дубалы тургузулуп чатыры жабылган абалда турган үйү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кайрымдуулук демилгесин аталган кварталдын “Абу-Бакр” мечитинин имамы Кожали Абазов көтөрүп чыгып, жергиликтүү жарандардын колдоосу менен 800 миң сомдон ашык каражат чогултулган. Жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин алкагында үйдүн ичи-сырты толук оңдолуп, электр жана суу кампа орнотулуп, үй тиричиликке ыңгайлуу шарттар менен жабдылды.
Саамалыкка КМДБнын Баткен облусундагы өкүлү (казы) Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен шаар жана районунун баш имам-хатиби Саидакмат ажы Аппазов, Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын башчысы Абдимитал Бурканов, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышып, үй ээсине батасын берип, кайрымдуулук ишине салым кошкондорго ыраазычылык билдиришти.
Өкүл Нуридин ажы Мамасабиров демилге көтөргөн имамга ыраазычылыгын билдирип, исламда имамдын орду, кыла турган кызматтары тууралуу айтып, Кожали Абазовду облус аймагына үлгү болчу имам деп атады.
Бул иш-чара аймактагы жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо, ынтымакты жана кайрымдуулук маданиятын жайылтуу жана чыңдоого багытталган үлгүлүү кадам катары бааланды.