Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 15.07.2025
  • |

Бишкек казыятынын кезектеги жыйыны өткөрүлүп, имамдарга тапшырмалар жүктөлдү

Бүгүн, 15-июль күнү Бишкек шаарындагы «7-апрель – Шейиттер» мечитинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан Бишкек шаарынын казыяты жана райондордун имамдары менен жыйын өткөрүлдү. 

Куран окуу менен башталган жыйынды Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрмат ажы Дарвешов алып барып, Ханафи мазхабын жана Матуриди акыйдасын жайылтуу боюнча имамдарга нускама берди.

Саамалыкта улуттук агенттиктин бөлүм башчысы Айбек Иминов «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдын негизинде кабыл алынган «Кыргызстанда диний билим берүү тартиби», «Мамлекетик дин таануу экспертизасы жана диний адабияттарды алып келүү тартиби» актылары, ошондой эле радикализм жана экстремизмди алдын алуу боюнча маалыматтарды берди. 

Калаа казысы Шакир ажы Маматов муфтияттан келген бир катар тапшырмаларга токтолду. 

Алар: 
•    Маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө;
•    Жаштар менен иштөө; адеп-ахлактуу болууга, билим алууга үндөө, суициддин алдын алуу, рекетизимди болтурбоо, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү;
•    Диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу;
•    Жаш балдарга туура тарбия берүү;
•    Мамлекет менен коомдун ортосундагы байланышты жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү. 
•    Иш-чаранын жүрүшүндө дин кызматкерлеринин суроолоруна жооптор берилип, мечиттерди каттоодон же кайра каттоодон өткөрүү талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын казысы баардык тапшырмаларды ынтымакта, биргеликте жалпы элге жеткирүүгө имамдары чакырып өттү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө дин кызматкерлеринин суроолоруна жооптор берилип, мечиттерди каттоодон же кайра каттоодон өткөрүү талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйын Шакир ажы Маматовдун эл-журтка дуба кылуусу менен аяктады.