Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
2025-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарынын казыятынын кызматкерлери жана төрт райондук баш имам-хатибдер Ысык-Көл облустук казыятына иш сапары менен барышты. Иш сапарды Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов жетектеп барды.
Аалымдар кербенинде Азирети Муфтийдин орун басары Талант ажы Темирбаев, казынын орун басары Эрмат ажы Дарвешов жана башка кызматкерлер болушту. Конокторду Ысык-Көл облустук казыятынын казысы Бакыт ажы Кайкиев, анын орун басары Алмазбек ажы Сагындыков жана жалпы жамаат тосуп алышты.
Сапардын алкагында Бишкек казыятынын өкүлдөрү Ысык-Көл казыятынын жаңы имараты менен таанышып, жыйындар залында пикир алмашуу болду. Ысык-Көл облусунун казыяты Бишкек шаарынын казысы Маматов Шакир ажыны 2002-2005-жылдары Ысык-Көл облусунда казы болуп эмгектенип, эл менен болгон тыгыз ишмердүүлүгү үчүн урматтап, Алкыш баракча жана сый чапан менен сыйлады.
Шакир ажы казылык кызматын өтөп жаткан жылдары эл арасында динге болгон кызыгуу төмөн болгон учур болчу. Ошого карабастан, ал эл менен тыгыз иш алып барып, диний агартуу жана руханий иштерде зор салым кошкон. Ушул эмгеги үчүн Ысык-Көл казыятынын жамааты ага терең ыраазычылык билдирип, кадыр-барк менен эскеришти.
Бул сый-урмат коштолгон иш сапардын жүрүшүндө, эки казыят ортосундагы достукту жана кызматташтыкты дагы да бекемдөө максатында уюштурулду. Өз кезегинде Бакыт ажы Кайкиев да казыяттын алдыдагы иш пландары тууралуу маалымат берип, эки тараптуу пикир алмашуу жүрдү.
Мындан тышкары, коноктор 135 жылдык тарыхка ээ «Молдо Мухатулла» мечитин жана 118 жылдык тарыхы бар, мык колдонулбастан салынган уникалдуу «Жыгач» мечитин зыярат кылышты. Бул мечит күнүнө 100дөн ашуун турист тарткан тарыхый жай катары белгилүү.