Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 11.10.2025
  • |

Бишкек шаарынын имамдарына жыйын өткөрүлүп, тапшырмалар берилди

Бүгүн, 11-октябрь күнү Бишкек шаарынын казысы  Шакир ажы Маматов Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Бишкек шаарындагы имамдарга чукул чогулуш өткөрдү.

Иш-чарага казыят жамааты, калаадагы төрт райондун баш имам-хатиби, жалпы имамдар, намазканалардын жооптуу кишилери жана укук коргоо органдарынан катышты. 

Жыйынды Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы ачып, имамдарга жакында боло турган шайлоо маалында саясий үгүт иштерине аралашпоону, бир тараптуу агитация жүргүзбөөнү катуу эскертти. Ал дин кызматкерлери коомдогу биримдик менен туруктуулукту сактоодо үлгү болушу керектигин белгиледи.

Ал эми ИИББнын өкүлдөрү шайлоо жараяны боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, дин кызматкерлерин саясатка аралашпоого чакырып, ар бир мечитке жүз таануучу камера орнотуу зарылдыгын белгилеп, бул чара кылмыштуулуктун алдын алууда жана кылмыштын бетин ачууда чоң жардам берерин айтты.

Жыйындын жыйынтык бөлүгүндө Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрмат ажы  Дарвешов шаардагы аскер бөлүктөрүндө зордук-зомбулук жана суицид темасында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берип, ар бир имам коомдун ар тармагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керектигин тапшырды.

Иш-чара Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматовдун дуба кылуусу мененжыйынтыкталды.