Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кечээ, 18-майда Бишкек шаарында кыз-келиндер диний окуу жайларынын студенттеринин арасында «Спорт – Ден соолуктун башаты» аттуу волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чарага төмөнкү окуу жайлардан командалар катышты; «Расул Акрам» ислам институту, «Ала-Тоо 2» кыздар, «Тирмизи» жана «Тоййиба» медреселери.
Жыйынтыгында 1-орунду – «Ала-Тоо 2» кыздар медресеси, 2-орунду – «Расул Акрам» ислам институту, ал эми 3-орунду – «Тирмизи» медресеси ээледи.
«Зайтун» фонду тарабынан өткөрүлгөн мелдеш ден соолукту чыңдоого жана кыздардын биримдигин бекемдөөгө чоң салым кошконун казыяттан маалымдашты.
Чың соолукка жана достукка үндөгөн спорттук иш-чарага КМДБнын атынан катышкан устаза Марьям Мамажусупова мелдешке ДОЖ студент кыздарынын өтө активдүү катышканын баса белгилеп, мындай иш-чаралар диний билим алып жаткан кыздар үчүн абдан пайдалуу экенин билдирди.