Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бишкек шаарында республикалык Куран жарышы үчүн тандоо туру болуп өттү. Иш-чаранын максаты — ыйык Куранды жаттоого шыктандыруу, Куран маданиятын жайылтуу жана шаар боюнча мыкты карыларды аныктоо болуп саналат.
Жарышка кыз-келиндер жана мырзалар катышып, Курандан 5, 15 жана 30 пара боюнча өткөрүлдү. Ар бир катышуучу Куран окуудагы тажвиди, үнү, мааниге көңүл буруусу жана жаттоо деңгээли боюнча бааланды.
Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрмат ажы Дарвешов баштаган белгилүү карылар калыстык кылышып, жыйынтыгында мыкты карылар аныкталып, аларга республикалык Куран жарышка катышуу үчүн жолдомо берилди.
Бул иш-чара Куран жаттоого болгон кызыгууну арттырып, шаардыктардын исламий баалуулуктарга болгон мамилесин бекемдегенин казыяттан (өкүлчүлүктөн) кабарлашты.