Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 20.10.2025
  • |

Бужум айылында жаңы мечит салынып, пайдаланууга берилди

Баткен районунун Бужум айылында 80 орундуу жаңы мечиттин ачылыш аземи өттү. Салтанаттуу иш-чарага Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, орун басары Муса ажы Жолдошов, Баткен шаары жана районунун баш имам-хатиби Сейдахмат ажы Аппазов, мечиттин демөөрчүлөрү жана жергиликтүү эл катышты.

Нуридин ажы Мамасабиров жамаатты жаңы мечит менен куттуктап, бул ибадаткананын мусулмандардын ыйманын чыңдоодо маанилүү ролу болорун белгилеп өттү. Ал өз сөзүндө жергиликтүү элди 5 убак намазды мечитте жамаат менен окууга чакырды.

Салтанатта район баш имам-хатиби Сейдахмат ажы Аппазов жаңы мечитке имамдык кызматка дайындалган Таирбек Акжолов дамылага ийгилик каалап, элге ак ниет менен кызмат кылууга чакырды.

Белгилей кетсек, бул мечит мурунку чакан ибадаткананын ордуна курулду. Кеңеш мезгилине чейин ошол эле жерде молдо Жоробай дамыла тарабынан чакан мечит тургузулган. Жаңы салынган мечит дал ошол инсандын урматына "Молдо Жоро" мечити деп аталып, расмий түрдө каттоодон өтүп (0059ОИ), бүгүнкү күндө эшигин элдин ибадат кылуусуна ачты.