Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 02.09.2025
  • |

Чүй: Кайрымдуулук иштери кызуу уланууда

Чүй облусунун Панфилов районунда 80 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. Бул саамалыкты “Садака Жария” фонду колдоого алып, демөөрчүлүк кылды. Бул тууралуу Панфилов районунун баш имам-хатиби Жумабек Дуванаев маалымдап, райондук мамлекеттик администрациянын социалдык коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Нургүл Исмаиловага жана аталган фондго ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районунун борбордук мечитинде да кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Жайыл райондук хатибияты “Раййаан” кайрымдуулук фонду менен биргеликте уюштурган кайрымдуулук саамалыгында жаңы окуу жылына карата 100 гө жакын окуучуга кубаныч тартууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп формалары жана зарыл болгон окуу куралдары атайын даярдалып, балдарга бекер таркатылды.

Казыяттан маалымдашынча, бул саамалык аймактагы муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына чоң жардам болуп берди. Окуу куралы менен камсыз болуу – ар бир бала үчүн билим алууга болгон мотивацияны күчөтүп, жаңы окуу жылын жакшы маанайда баштоого өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, кайрымдуулук иш-чарасы ата-энелерге да жеңилдик жаратты.

Иш-чарада Жайыл райондук хатибиятынын өкүлдөрү сөз сүйлөп, билим алуунун жана илим издөө жолунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле “Раййаан” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү дагы балдарга ийгиликтүү окуп, келечекте коомго пайдалуу жарандар болуусун каалашып, ак жол тилешти.