Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 4-август күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй-Талас башкармалыгында мечиттердин өрт коопсуздугун алдын алуу боюна жолугушуу болуп өттү. Бул иш-чарага Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдулазиз ажы Чыныбеков, райондук жана шаардык баш имам-хатибдер, ошондой эле аталган башкармалыктын жетекилери катышты.
Жолугушуунун негизги максаты — Чүй облусундагы мечиттерде өрт коопсуздугун камсыздоо, алдын алуу чараларын күчөтүү жана бул багытта биргелешкен аракеттерди талкуулоо болду. Иш-чара учурунда мечиттердин абалы, өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы, электр жабдууларынын жана өрт өчүрүүчү шаймандардын абалы тууралуу кенен маалыматтар берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү мечиттерде өрт коопсуздугу боюнча жүргүзүлүшү керек болгон иш-чараларды белгиледи. Алардын ичинде мечит имараттарында өрт өчүрүүчү кутучалардын (пожарный щит), биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү шаймандардын болушу, электр зымдарынын талапка ылайык орнотулушу жана техникалык абалы, авариялык эшиктердин бар болушу сыяктуу маселелер каралды.
Мындан тышкары, диний кызматкерлерге жана жамаат мүчөлөрүнө багытталган түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, мечит имамдарын жана кызматкерлерин атайын өрт коопсуздугу боюнча окууларга тартуу зарылдыгы да баса белгиленди.
Жолугушуунун соңунда катышуучулар бири-бири менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууну макулдашылып, берилген тапшырмаларды өз убагында жана жоопкерчилик менен аткаруу боюнча милдеттенмелерди алышты.
Бул иш-чара диний мекемелердин коопсуздугун жогорулатууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп, мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болду.