Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кечээ, 28-июль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы «Аким Ажы» медресе мекемесинде ыйык Куранды терең үйрөнүүгө жана жаттоого багытталган Куран жарышы болуп өттү. Куран иш-чарасына медресенин студенттери, жергиликтүү тургундар жана дин кызматкерлери катышып, аталган иш-чара ыйманга, билимге жана сабырдуулукка үндөгөн руханий атмосферада өттү.
Куран жарышы жогорку деңгээлде уюштурулуп, Курандын 30 парасын жатка айтуу жана тажвид менен окууга катышкандар калыстар тобу тарабынан бааланды. Жарышта мыктылыгын көрсөткөн катышуучуларга грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын соңунда, Чүй облусунун казысы Абдулазиз ажы Чыныбеков катышуучуларга, мугалимдерге жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди. Мындай иш-чаралар жаштардын жүрөгүнө ыйман отун жагып, Куранга болгон сүйүүнү арттырарын белгиледи. Ошондой эле билим менен тарбияны айкалыштырып, жаштарды Курандын нуру менен тарбиялоо эң маанилүү милдет экенин баса белгилеп, бардык катышуучуларга ийгилик каалап, Алла Тааладан жакшылыктарды тилеп, батасын берди.