«Жакшылык – жүрөгүң тынчтык тапкан нерсе, жамандык – жүрөгүң тынчсызданган нерсе» (Муслим)
Азирети Муфтийдин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Эрик ажы Молдокулов Манас шаарында курулуп жаткан мечиттердин курулуш иштери менен жеринен таанышты.
Зыяраттын алкагында алгач Манас шаарында курулуп жаткан борбордук мечиттин абалы каралды. Курулуштун жүрүшү, сапаты жана аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берилип, курулушту талапка ылайык жана өз убагында бүтүрүү маселеси талкууланды. Аталган борбордук мечит пайдаланууга берилсе, бир убакта 10 000 адамга чейин жамаат менен намаз окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Андан соң өкүл «Закиржан ата» мечитинин курулуш иштери менен да таанышты. Бул мечит да жергиликтүү тургундардын демилгеси жана колдоосу менен курулуп, келечекте аймактын руханий муктаждыгын камсыздоого багытталган.
Эрик ажы Молдокулов мечит – элди ыйманга, адеп-ахлакка жана биримдикке чакырган жай экенин белгилеп, курулуш иштерине салым кошуп жаткан демөөрчүлөргө, усталарга жана демилгечи жарандарга терең ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал демөөрчүлөргө жана курулушта эмгектенип жаткан усталарга ак батасын берди. Ошондой эле ал мечиттердин курулушу талапка ылайык жүргүзүлүшү зарыл экенин эскертип, иштерди ырааттуу улантууга чакырды.