Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 20.08.2025
  • |

Эрмат ажы Дарвешов райондук баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүп, тапшырмаларды берди

Кечээ, 19-август күнү борбор калаада бир катар мечиттерде жана намазканаларда текшерүү өткөрүлдү. Иш-чара алкагында казынын орун басары Эрмат ажы Дарвешов райондук баш имам-хатибдерге чукул жыйын өткөрүп, бардык мечиттерде жана намазканаларда салттуу эмес мүнөздөгү баракчалардын, ошондой эле муфтияттын расмий мөөрү жок диний китептердин бар-жогу тыкыр текшерилиши керектигин белгиледи.

Жыйналыштан кийин казынын орун басары баш имам-хатиб менен биргеликте бир нече мечиттерге барып, намаз убактысында жамаат менен жолугушту. Элге экстремизм жана терроризмдин коркунучтары тууралуу түшүндүрүү айтылып, уруксаты жок китеп же баракчаларды дароо имамдарга өткөрүү зарылдыгы эскертилди.

«Акыркы жылдары дүйнөнүн көптөгөн аймактарында мыйзамсыз диний адабияттардын жайылышы жана радикалдык агымдардын таасири олуттуу көйгөйгө айланып келет. Кыргызстан да бул процесстен четте калган жок. Ушундай шартта КМДБ жетекчилигинин коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жана диний биримдикти сактоодо маанилүү кадам катары бааланууда. Бул чара мыйзамсыз материалдарды аныктап, тиешелүү органдарга өткөрүп берүүгө; коомдун коопсуздугун чыңдоого; диний адабиятты бирдиктүү нукта колдонууга; имамдардын аброюн көтөрүп, элдин ишенимин арттырууга; радикализмдин жайылышына бөгөт коюуга багытталган», – деп билдиришти казыяттан.

Ошондой эле мечиттерде адабияттарды толук текшерүү – диний билим берүүнү мыйзамдуу жана коопсуз жолго салууга өбөлгө түзсө, ал эми тыюу салынган адабияттарды жокко чыгаруу Кыргызстандагы диний чөйрөнүн туруктуу өнүгүшүнө шарт түзөрүн кошумчалашты.

Бул иштер коомдук жана диний жашоонун туруктуулугун сактап, мыйзамдуулукту бекемдөөгө кызмат кылмакчы.