Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары кызмат ордуна Дарвешов Эрмат Хусенович дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар казысы Шакир ажы Маматов кол койду.
1976-жылы Исфарада туулган Эрмат Дарвешов тууралуу кыскача маалымат:
Диний билими:
1993-1994-ж.ж. «Мир-Араб» медресесинде таалим алган (Бухара, Өзбекстан);
1997-2012-ж.ж. Аль-Азхарда билим алган (Каир, Мисир).
Эмгек тажрыйбасы:
1995-ж. Ысык-Ата районундагы Жетиген айылында имам;
1996-ж. Каракол шаарындагы Ислам институтунда мугалим;
2016-2019-ж.ж. КИУда окутуучу;
2017-2019-ж.ж. Сокулук районундагы «Хадижа» мечитинин имам-хатиби;
2019-2022-ж.ж. КИУ ректорунун жардамчысы;
2023-жылдан тарта ордо калаадагы Кимсанбай ажы атындагы борбордук мечиттин имамы.
Дарвешов арабча эркин сүйлөй алса, орус жана англис тилдерин турмуштук деңгээлде билет.