Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында имамдар үчүн экстремизмдин алдын алуу максатында акыйда боюнча атайын бир күндүк семинар уюштурулду. Иш-чараны Баткен облусунун мусулмандар казыятынын иш планынын негизинде өткөрүлдү.
16-августта өткөн иш-чарага Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатибдери, ошондой эле эки аймактагы имамдар катышты.
Семинарда Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров экстремизм жана радикализмдин коркунучтары тууралуу маалымат берип, ислам дининде ашыкча берилүүгө (фанатизм) жол берилбестигин белгиледи. Ал дин кызматкерлерине коомчулукту туура мазхаб жана акыйдага жана жаштарды терс агымдардан сактоо багытында активдүү иш алып баруу керектигин баса белгиледи.
Ал эми Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев акыйда темасында лекция өтүп, имамдардын диний билимдерин чыңдоо жана ишеним маселелеринде туура багыт берүү зарылдыгы тууралуу кенен токтолду. Анын айтымында, туура акыйда коомдогу ынтымакты сактоодо жана ар кандай терс көрүнүштөргө каршы турууга жана аларды жоюуга чоң өбөлгө болот.
Бул иш-чара имамдардын диний билимин тереңдетүү, экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүнүктөрүн бекемдөө жана коомчулукту ыймандуулукка чакырууда дин кызматкерлери Ханафи мазхабы жана Матуруди акыйдасын жайылтууну максат кылат. Бул семинар Баткен жана Лейлек районунун дин кызматкерлери үчүн да өткөрүлөрү пландалууда.