Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 13.11.2025
  • |

Кара-Кулжа: Борбордук мечит жана хатибияттын курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров Кара-Кулжа районунун борбордук мечити жана райондук хатибияттын имаратынын курулуш иштери менен жеринен таанышып, демөөрчүлөргө жана куруучуларга ыраазычылык билдирип, ак батасын берди.

"Райондун борбордук мечити деп атала турган чоң мечит куруу чоң жоопкерчилик. Эң башкысы бул мечит сырткы кайрымдуулук фонддору аркылуу эмес, жергиликтүү демөөрчү тарабынан курулуп жаткандыгы баарыбызды кубандырат. Ошону менен бирге райондук хатибияттын имаратынын эки кабаттуу ыңгайлуу шарттары менен болуп жаткандыгы да диний ишмердүүлүк жүргүзүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Албетте демөөрчүгө жана курулушта иштеп жаткан жалпы усталарга ыраазычылык билдиребиз. Аллахым ыраазы болсун", – деди Султанали ажы Гапуров.

Айта кетсек, райондун жаңы курулуп жаткан борбордук мечитинин сыйымдуулугу 2000 адам болсо, райондук хатибияттын имараты 8х14 өлчөмдө курулуп, эки кабаттуу болмокчу.

Ошол эле учурда, муфтийдин өкүлү райондогу "Шарип ата" медресесин зыярат кылып, студенттерине илим алуунун маанилүүлүгү боюнча акыл насаатын айтып, окууларына ийгилик каалап, ак батасын берди.