Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 15.10.2025
  • |

Кара-Кулжа: Султанали ажы Гапуров ардактуу аалым Шамшидин карыны зыярат кылды

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров Кара-Кулжа районуна жасаган иш сапарынын алкагында Сары-Бээ айылында жашаган белгилүү аксакал аалым Шамшидин кары Ысак уулун зыярат кылып, ак батасын алды.

"Алгач жумушту аксакал аалымдардын ак батасын алуу менен баштайлы деп келдик. Анткени Шамшидин кары атабыз СССР учурунда Куранды толук жаттап, көптөгөн шакирттерди чыгаруу менен динди элге жеткирүүдө зор салым кошкон. Ошондой эле, Сары-Бээ айылында 47 жыл имамдык кызматын аткарган ардактуу имам болуп саналат", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-августунда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров да Шамшидин кары Ысак уулун зыярат кылып, ак батасын алып кеткен.