Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 10.11.2025
  • |

Кара-Кулжада айымдар жана мырзаларга "Нарк насил – улуу мурас" аттуу иш-чара өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы "Шарип ата" мечитинде  айымдар жана мырзаларга"Нарк насил – улуу мурас" аталышында семинар өтүлүп, ага Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, Дастан ажы Мамаев баштаган райондогу дин кызматкерлери жана тургундар катышты.

Иш-чаранын максаты – КР Президентинин "Улуттук нарк жөнүндөгү" жана "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу жөнүндөгү жарлыктарды элге түшүндүрүү.

Саамалыктын жүрүшүндө облус казысы Султанали ажы Гапуров сөзгө чыгып, нарк насил – улуу мурас, маркумду акыркы сапарга узатуу жана сөөгүн жайга коюу, ыксыз чыгымдарды жоюу, анын ордуна ибадат үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү менен жакшылык иштерди жасоо жана ага кошумча үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, кошуналар менен болгон мамилени бекемдөө, бала тарбиясында жоопкерчиликтүү болуу сыяктуу тарбиялык маанидеги темаларда да баяндама жасады.

Жыйын соңунда, облус казысы Султанали ажы Гапуров ар бир үй-бүлө жергиликтүү имамдар менен тыгыз иштешип, балдарына диний баалуулуктарды туура жеткирүү керектигин билдирди.

Айта кетсек, аталган иш-чара түшкө чейин мырзаларга өткөрүлсө, түшкөн айымдар үчүн уюшулду.