Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 16.10.2025
  • |

Кара-Кулжада имам өз эсебинен мечитти жылуулук системасы менен камсыздады

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаевдин айтымында, Алайку айыл өкмөтүндөгү Коо-Чаты айылында жайгашкан "Көкөл ажы" мечитинин имамы Латипжан Акматалиев өздүк каражатынын эсебинен мечитти жылуулук системасы менен камсыздады. 

"Кара-Кулжа району тоолуу аймак болгондуктан, мечитте ибадат кылууга ыңгайлуу шарттарды түзүү өтө маанилүү. Өзгөчө Алайку өрөөнүндө кыш мезгили узак убакыт созулат. Көкөл ажы мечитинин имамы Латипжан дамла мечитке жылуулук системасын орнотуу үчүн 150 миң сомду өз каражаттарынын эсебинен жумшаган. Аллахым ыраазы болсун. 15 жылдан бери элдин ысык суугунда талыкпай эмгектенип келе жаткан", – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.

Ошондой эле, Алайку өрөөнүндөгү Күйө-Таш айылындагы мечит да жергиликтүү тургундардын колдоосу менен жылуулук системасы менен камсыздалды.

(Башкы бетте: иллюстрациялык фото)