"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында 25 тонна көмүр түшүрүлүп, жалпысынан 8 мечит жана 10го жакын дин кызматкерине бөлүп берилди.
Бул иш-чара дин кызматкерлерин колдоо максатында Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуровдун демилгеси менен уюштурулду.
"Кыш мезгилинин көбү кетип, азы калды. Ошентсе да, Рамазан айында мечиттерге таравих намазы үчүн келген жамаатка жылуулукту камсыз кылуу жана дин кызматкерлерин колдоо максатында демилге көтөрүп, "Эмират" кайрымдуулук фондунун колдоосу менен 8 мечитке жана 10го жакын дин кызматкерине 25 тонна көмүр таратылды", – деди Султанали ажы Гапуров.