Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
КМДБнын Ош облусу боюнча өкүлү Султанали ажы Гапуров Кара-Суудагы дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин окуучулары менен жолугушуп, окууларына ийгилик каалады. Ошондой эле, кайрымдуулук жардамы катары жатак мектептеги 181 окуучуга шейшеп тапшырды.
"Биз келерден мурун эмне жардам бере алабыз деп алдын ала маалымат тактаганыбызда жатак мектеп болгондуктан, шейшептерин тез-тез алмаштырып туруу керектелет экен деп айтышкан. Ошол себептен, мектептеги 181 окуучуга шейшеп белек кылууну туура көрдүк. Буйруса алдыда дагы тез-тез кабар алып турууга аракеттенебиз", – деди Султанали ажы Гапуров.
Ошондой эле Султанали ажы Гапуров дүлөй балдар үчүн атайын котормочунун (сабак берген мугалим эжей) жардамы аркылуу акыл насаатын айтып, окууларына ийгилик каалады.
Айта кетсек, аталган мектепте тоголок жетим балдар жок, жарым жетимдер бар. Алардын үй-бүлөлүк абалдары ар кандай болуп, жалпы 181 окуучу жатып окуса, алардын ичинен 102 уул, 79 кыз экендигин мектеп жетекчилиги билдиришти.